Жоробек Бекилов – агартуу тармагында жана массалык маалымат айдыңында татыктуу кызмат өтөгөн инсан. Ал 1946-жылы 1-январда Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Өлөң-Булак айылында туулган.
Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда окуп. физика-математика мугалими кесибине ээ болгон. Алгач мугалим болуп иштеп, кийин журналистика багытына өткөн. Жоробек Бекилов тандаган кесиби так илимдери болгондугуна карабай, жаш кезинен чыгармачылыкка жакын болуп, өз алдынча ыр, балдар үчүн жомок, аңгемелерди жазып жүргөн. 1974-жылдан баштап өзүнүн чыгармачылык талантын өркүндөтүп, маалымат айдыңында иштөөгө белсенип, Аксы районундагы “Жаңы турмуш” гезитине редактордун орун басары кызматына келип иштей баштаган. 1992-жылы “Нарын нуру” гезитинин редактору, 1993-жылы Жалал-Абад облусу уюшула баштаган мезгилден тарта облустук педагогикалык “Дил” гезитин уюштуруп, анын башкы редактору болуп 2010-жылга чейин иштеп келген. Ошол арада чыгармачылык менен да алектенип, бир катар ырларын жараткан. Жоробек Бекилов билим берүү тармагында 7 жыл, журналисттик иште 32 жыл иштеп, 73 жаш курагында 2019-жылы 23-июнда дүйнө салган.
Жоробек Бекиловдун ысымы Жалал-Абад шаарындагы өзү жашап өткөн аймактагы көчөгө ыйгарылган.
Тирүүлүгүм далилдейм
Тирүүмүн, тирүүлүгүм далилдеймин,
Төгүлгөн миң жемишке алымсынбайм.
Тынчысам бүт ааламды тынчыттырып,
Ырдасам бүт ааламды жарып ырдайм.
Тирүүмүн, тирүүлүгүм далилдеймин,
Туптунук үнүм менен күлүп берем.
Сүрөттөй жансыз туруп, сүйүү күтпөй,
Албырган демим менен сүйүп берем.
Өлбөймүн, өлбөстүгүм далилдеймин,
Бир күн да жүрөгүм да турган күйүп.
Муз жааса кол, бетиме күрткү болбой,
Буу болуп илеп берет эрип, жибип.
Тирүүмүн, тирүүлүгүм далилдеймин,
Эч качан бүгүнкүмө алымсынбайм.
Тынчысам бүт ааламды тынчыттырып,
Ырдасам бүт ааламды жарып ырдайм!
Эңсөө
Көңүлдү ачып жаз келет,
Көйнөкчөн жүрөр кез келет.
Көбүргөн терип ойнойбуз,
Күлкүнү, гүлдү дестелеп.
Жамгыры көлдөп жаз келет,
Багелек түрөр кез келет.
Баткакты кечсек жарашкан,
Балалык кездер эстелет.
Чагылган үнүн угабыз,
Жамгырга бетти жубабыз.
Жаркылдайт ички сезимдер,
Жамгырдай көлдөп кубаныч.
Жаз окшоп жапжаш болобуз,
Жатууга тийбейт чолобуз.
Көч тартып, азоо үйрөтүп,
Бийиктик тандап конобуз.
Сүрөттөмө
От кармап чыга келет күн чыгыштан,
Кыпкызыл жалынга өрттөп булуттарды.
Заматта нөшөр болуп, кыян болуп,
Асмандын, жылдыздардын көз жашы акты.
Таскактап, күлдүрттөтүп көктүн бетин,
Чабыштар, кылычтан от жандырышып.
Боз чымчык балапанын эстей калып,
Чабыттан уясына келет шашып.
Нөшөрлүү жамгыр токтоп, өткүн өттү,
Чөлмөктөр жылтылдашып сокмо жолдо.
Кылгыртып кирпиктерге жаш тамчысын,
Көк, кызыл гүлдөр гана солуктоодо.
Туу кылып кармап барат күн батышка,
Кыпкызыл булуттарды желбиретип.
Артында ачык асман жымыңдашат,
Жылдыздар туулганын белгилешип.
Оо, керемет, Сары-Челек
Оо, сулуу көл Сары-Челек, амансыңбы?
Мына келдим дагы мен сени эңсеп.
Толкунуңдан толкууну үйрөнөйүн,
Обонуңду кайрадан тыңшайын деп.
Оо, керемет Сары-Челек, көлүм менин,
Таңданамын өзүңө, сырларыңа.
Бүркүт конор бийикте сен көл болуп,
Толкуп, ташып, төгүлбөй турганыңа.
Сенин абаң, аймагың, чөбүң, ташың,
Миң бир дары өмүргө өмүр берер.
Табар белем өлбөстүн суусун дагы,
Акын болбой, илимпоз болсом эгер?
Акын жоктур өзүңдөн ырсыз кайткан,
Сулуу жоктур сүйүүсү козголбогон.
Көк көйнөкчөн бир пери элестейсиң,
Көл болбосоң коё кал, көл болбосоң!
Акындарга бергиле ушул түндү
Бергилечи бул түндү акындарга,
Ыр жазышсын олтуруп кененирээк.
Бир унчукса унчуксун бөбөк гана,
Анткени ага эненин сүтү керек.
Тынчтангыла башкаңар ызы-чуусуз,
Ыр жазышат акындар ушул түндө.
Жазсын алар келбетин келер таңдын,
Кечээ өмүрдү уурдаган күн жөнүндө.
Өчүрбөчү селкилер шам жарыгын,
Жазган ырлар кагазга даана түшсүн.
Чакырбачы таң түстүү кучагыңа,
Акын жазар ойлорун жазып бүтсүн.
Ушул түндө акындар ырлар жазат,
Таң калтырган ойлордон жасап канат.
Терезеден төгүлүп түн койнуна,
А электр жарыгы чотун кагат.
Бул кыялдар кайда барып токтолот
Бул кыялдар кайда барып токтолот:
Бирде түтөп, бирде алоолоп от болуп,
Бирде учар балапандай шоктонуп.
Ак сулуунун көздөрүндө түнөйт да,
Таң алдында кайра менде топтолуп…
Бул кыялдар кайда барып токтолот:
Жер шарына тегиз чачып бакытты,
Эч кайгысыз өмүр болот адамга.
Көз жетпеген ыраактыкты көрсөтүп,
Эргүү берет зор сапарга барарда.
Бубак болуп туу чокудан атылат,
Ыраак болуп кээде көздөн жашынат.
Кыштын күнү жазды жасап келет да,
Айсыз түндө ак нурлары чачылат.
Бакыт термеп бал уйкуга түшөрдө,
Өлүм болуп көздөн өтөт кыялым.
Күндүн нурун, тирүүлүктү кызганып,
Кайрат толуп, таңды тосуп турамын.
Жаштык ырын ырдайлы
Ырдаш болсо, жаштык ырын ырдаймын,
Жаштык ырлар сулуу келет себеби.
Сулуулукка бөлөп таштап анан ал,
Суктандырат сени мага, же мени…
Ырдаш болсо, жаштык ырын ырдаймын,
Элестелет оюнга мас, ойноо кез.
Көңүл отун бир тутантып жандырган,
Жаштык, ыр да, узун кирпик, кара көз.
Келет бир күн кимге болсо токтоолук,
Анан өткөн чекиликтер сындалат.
Мен да айтармын андай бол да, мындай бол,
Ага чейин жаштык ырлар ырдалат.
Неге?
Бутагы алмалардын неге сынат,
Ийилип өз жемишин көтөрө албай.
Булактар күңгөйдөгү неге соолот?
Деңизге дарыя болуп жете барбай?
Такасыз аргымактар неге аксайт,
Туяктуу туулса да энесинен.
Күлкүсү душмандардын каардуураак,
Тилинен уу тамызган жемесинен.
Эмне үчүн жалгыз өскөн дарак жапыз,
Арчанын түбүндөгү ыргай бийик?
Сулуу ай күндүз неге көрктүү дагы,
Калабыз түн ичинде жандай сүйүп.
Бөлмөдөгү гүл
Күн чачып алтын нурун дүйнө ойгонду,
Жаз болуп теребел бүт шаңга толуп.
Аарылар өз энчисин издеп келет,
Гүлдөрдүн таттуусуна тандап конуп.
Түрткүлөп бирин-бири жалбырактар,
Келаткан тентек желге назданышат.
Жигит-кыз жай аралап талаа гүлүн,
Жытына магдырашып чер жазышат.
Бактылуу талаа гүлү, тоонун гүлү,
Булбулдун сүйүүсүнө арзый алган.
Сулуунун кучагына букет болуп,
Жигиттин жаштык сырын ала барган.
Тагдырга буюрбастан мунун баары,
Бөлмөдө өскөнүнө муңаят гүл.
А балким ал баарынан өтөр беле,
Кең дүйнө, ай талаада ачылса бир.
Күн турат алаканда нурун төгүп
Тебе албай тепкен өңдүү аскаларды,
Унутуп тентектигин тыптынч болуп.
Суу турат кичинекей деңизге окшоп,
Уулумдун уучунда мелт-калт болуп.
Күн чөгүп алакандын тереңине,
Ак нурун алоолонтуп жаркып турат.
Эңкейген суу ичүүгө жаш сулуунун,
Күлгөнү күн үстүндө калкып турат.
Баш ийип экөө бирге каткырышат,
Көздөрдөн кубануулар тынбай кулап.
Суу турат алаканда деңизге окшоп,
Ичүүгө күндүн жүзүн кыйбай турат.
Адамдык үн
Өмүрдө нени көрбөй, нени көрүп,
Өмүрдүн бар жылуусун сага берип.
Камыштай дирилдетип муундарды,
Бүгүлүп басарында ажал келип.
Жер таяп алакандын оту менен,
Тик туруп, көкүрөктү ачып кенен.
Аха-ха-а!,- десем шаңдуу
Ата конуш аскаларым
Үнүмдү бир жаңыртып берер белең?
Түндөрдү уктап тосуп, ойгоо тосуп,
Көп күндүн шаттыктарын ойго кошуп.
Карылык мөгдүрөтүп, жарыктыкка,
Жумулбай кирпик гана тирек болуп.
Турганда бар күчүмдү жыйып туруп,
Капчыгай бийигине чыгып туруп,
Секирсем чикилдектей чимирилип,
Дарыям, бир булкунуп берер белең,
Буурадай толкунуңду жээкке уруп?..
Жаңы кар
Жаңы келген келиндей уялыңкы,
Бүгүн мезгил төрөдү жаңы карды.
Себелечи аппак кар токтобостон,
Көңүлдөгү кусалыкты козгобостон.
Жашыл, көгүш гүлдөр жок ойду азгырган,
Даана, күңүрт издер да эч дайынсыз.
Кудум баары жаңыдан жаралууга,
Кар астына кеткенсип үнсүз, жансыз.
Ак кар элеп тынымсыз жаап жатат,
Агартууга бак-шакты, талаа-дөңдү.
Аппак ойлор сезимде козголушат,
Мен да кайра төрөлүп жаткан өңдүү.
Сапар алдында
Көөдөнүмдө булуттардын түрмөгү,
Же ачылам, же сел болуп нөшөрлөйм.
Же жарк этем чагылгандан бетер мен,
Жарк эткенде түндү жара кесем да,
Жылкычынын түн түйшүгүн көтөрөм.
Сезим толо оттуктардын кутусу,
Чыгам азыр же өрт болор алоолоп.
Же жарк этип бир чылымды түтөтөр,
Өрт болгондо жүрөгүмдөн башталат,
А аягын жүрөктөрдөн күтө бер.
Алаканым мелт-калт болгон бересе,
Адамзатка азыр аны ачамын.
Шаттыктар бар досторума таттырар,
Күлкүлөр бар досторума чачамын.
Нелер чыкпайт адамзаттын колунан,
Өлүм болсо – ал душмандан өч алуум.