Рысбек Салбаров – элетте жашап, Сузактын тоолорундагы чымчыктар, чөптөр, агын суулар, токойлор, аскалар, жылдыздар менен сүйлөшкөн, ошолордун тилин билген акын болчу. Көзү барында “Ашуудагы издер” повести жана “Өмүр балладасы” аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кесиби – мугалим, бирок көп жылдар бою журналистика тармагында иштеген.
Сары-Булак
Айылым кичинекей – Сары-Булак,
Акактай мөлтүр кашка дары булак.
Кошулдум чоң турмуштун дайрасына,
Ак маржан өзөнүңдүн шарын улап.
Сагынам алыс жүрсөм жан апамдай,
Санжыра, асыл мүлкүм жана атамдай.
Садага жаным сага Сары-Булагым,
Мекеним, мени өстүргөн алакандай.
Эстесем, өткөн чакты – кечээгимди,
Бүлдүркөн терип бойлоп өзөнүңдү.
Өрдөштөн алмаңды жеп, алча терип,
Өткөрдүм ойноо бала кезегимди.
Турпагың кайда жүрсөм тартып турат,
Көргөндө көөнүм толуп чалкып турат.
Турпатың карегиме сурма болуп.
Сага деген сагынычым артып турат.
Айылым кичинекей – Сары-Булак…
Көк-Арт менен сырдашуу
Иликтеп көөнө сөз артын,
Көөнүмдү сага көп арттым.
Көрк берген куттуу өрөөнгө,
Көркөмдүү дайрам – Көк-Артым.
Билбестир бир да жан сырын,
Биз билген сенин кай сырың?
Шарыңды канча тарпых бар,
Бир нукта аккан сан кылым.
Кылымга татыр даамың бар,
Кыргызым койгон наамың бар.
Көп кызмат кылган жашоого,
Кымбатым, дайрам, багың бар.
Ой келет мага күнү-түн,
Оболоп көктөп үмүтүм.
Окшотом менин мээриңе,
Обо энем берген сүйүүсүн.
Кечүүң кимдер кечти экен,
Кептешип кимдер өттү экен?
Байралган элдер кылааңда,
Баркыңды качан сезди экен?
Кечкендер доспу, тууганбы,
Мингени тулпар бууданбы?
Кас болсо, эгер, кармашып,
Канча кан акты суудан бу?
…Казатта жеңип уткан дейт,
Калмактын туусун жыккан дейт.
Кандырып сенден чаңкоосун,
Курманбек баатыр жуткан дейт.
Сырттаны – сырттан… Жок шегим,
Санасаң эгер топ тегин.
Санаттуу Чыйбыл, Нусуптун,
Санжырасынын жок чеги.
Кастарлуу ишти улаган,
Калкымдын башын кураган.
Калыстык кептен жаңылбай,
Казакка чейин сураган.
От болуп күйгөн чагында,
Олжолуу Султан маалында.
Орошон сууга бой таштап,
Ошолор ойноп шарыңда.
Ошолор кечкен кечиттен,
Обонуң тыңдап эшиткен.
Ай чыккан түндө ашыгын,
Аймалап беттен көөшүткөн.
…Агымың карап үңүлсөм,
Акжолтой сырттан сүрү бар.
Ак шарың менен агылган,
Акактай тунук сүйүү бар.
Махабат сенде болжолсуз,
Миңдеген тамчы… миң тамчы.
Миң жылдап өңдөн азбайын,
Мага да берчи бир тамчы?!.
Санатың анан санайын,
Санжыргаң издеп табайын.
Садага болсун жүрөгүм,
Сары улак кылып чабайын.
Санаамды аяп нетейин,
Садагаң болуп кетейин.
Ичээр суум сенден бүткөнчө,
Санатың айтып өтөйүн.
Ойноо кез, бала чагымда,
От болуп күйгөн маалымда –
Ой менен өлчөп ченегис,
Обонум калды шарыңда.
Биринчи сага сырдаштым,
Биринчи сага ыр жаздым.
Бириккен кенедейинен,
Билсең мен сенин кыйбасың.
Көк-Артым көп жол баскансың,
Көп сырды каткан дастансың.
Көөнө кылым баянын,
Көрсөң да мага айтпассың.
Көшөрбөй эми сыр катып,
Көкөйүң айтчы, тил катып.
Эмине мөрөй тапты элең,
Эзелтен бери тим жатып?
…Мезгилим басып өтөөрмүн,
Мен дагы сенден көчөөрмүн.
Үн катып койчу бир жолу,
Эмне эле мынча көшөрдүң?
Анда да ушул агымың,
Анда ушул калыбың.
Арманың катып шарыңа,
Атабай койсоң… наалыдым.
Айла жок, дайрам, ага бер,
Аркырап шоокум сала бер.
Агарсын көөнүң кир чалбай,
Арманың болсо мага бер!
Кез келип бизге батар күн,
Кеткенде бүтүп сапарым –
Кыйбасым, Көк-Арт, кылааңда,
Кыймылың сезип жатармын…
***
Жаратылыш жайдары эле, наз эле,
Атайылап жасагандай саз эле.
Алгач сага автобустан жолуктум,
Анда дагы дал ушундай жаз эле…
Көркөм элең, көктөм сындуу жаш элең,
Көөнүң менен эркелеткен ата-энең.
Кучактаса кумар канбас жытыңа,
Куштарланткан ууз сүйүүгө мас элең.
Бойду карап, сулууланып сыланган,
Аркар төшүң ак көйнөккө чыңалган.
Арзуу сезим кыялыңды мас кылып,
Жан элең бир жаз гүлүндөй буралган.
Каным дүргүп бүткүл күрөө тамырда,
Ошондогу сен тургандай жанымда.
Ойго түшөт оттой жалын жаштыгым,
Сени ойлосом сезим дүрбөп азыр да.
Кыялымда кумарыңа болом мас,
Кыярбаган кыз кылыгың дайым жаш.
Арманы жок күндөрүмдү эстетет,
Ар жыл сайын кайра айланып келген жаз…
***
Жаш келин элең жайдары,
Жүзүңдөн аруу кут жанган.
Жытыңа кумар бала элем,
Бадамдын гүлү жыттанган.
Кыл кыяк эле жоругуң,
Кызыктуу болчу оюнуң.
Жигиттин мооку канбаган,
Жийделүү бурак коюнуң.
Жагымдуу эле авазың,
Комуздун шыңгыр үнүндөй.
Ак булут мисал ак бетиң,
Ачылган алма гүлүндөй.
Кыз мүчө, кымбат, сылыгым,
Кыз булак мөлтүр, тунугум.
Кылымда чыкпас эсимден,
Кыяктай сенин кылыгың…
Гүлжарым
Күлгүн жаш мүчөл жылдайым,
Күнөстүү бийик кырдайым.
Кыпкызыл өрүк комуздун.
Күүсүнөн чыккан ырдайым.
Көңүлүм кантип бурбайын,
Көрсөтсөң урмат, сый дайым.
Көз отуң менен чачсың,
Көлкүгөн ысык нур дайым.
Көңүлү назик гүлдөйүм,
Көөшүлгөн көрктүү дүрдөйүм.
Гүлдөтүп турсаң көңүлдү,
Гүл дебей, анан ким дейин?
Кештеси тубар жоолуктун,
Кез келип сени тоорупмун.
Кептердей учуп жаштыгым,
Кейиген кезде жолуктуң.
Саймасы шайы курумун,
Сан булак мөлтүр тунугум.
Сан кыздан айрып тааныган,
Сарасап, баамдуу сылыгым.
Наар татпай уйку безипсиң,
Наркымды даана сезипсиң.
Намыска бекем гүлжарым,
Наалыган кезде кезиктиң.
…Узады жаштык жылдарым,
Ууз сүйүү баркын туйбадым.
Умсунуп калган агаңдын,
Урматы сенсиң гүлжарым!
Көлдүк келин
Кыдырып кыргыз жерими,
Кыздан көп көрдүм перини.
Кылыгы сага окшобойт,
Кымча бел көлдүн келини.
Кантейин анан умсунбай,
Карааның көлдүн куусундай.
Көңүлүң таз кири жок,
Көк мөлтүр тунук суусундай.
Кызылдуу бетиң ак чыны,
Кызганбайм берген бактыңы.
Кыйбаптыр тагдыр өзүмө,
Кылыгы сендей жакшыны.
Өң, келбет, мүчөң саматып,
Өрттөнгөн чыгар сан ашык.
Өмүрдүн кечи киргенче,
Өзүм мен эми сага ашык.
Сүйүүнүн болдум карыбы
Жүдөтүп жаштык жалыны,,
Кетирди менин алымы.
Сүрүнө чыдап даай албай,
Сүйүүнүн болдум карыбы.
Сен менин аткан таңымсың,
Серүүндө гүлзар багымсың.
Аязда кубат, дем берер,
Аптабы күчтүү жалынсың.
Каалгып эрте көктөмдө,
Каз, өрдөк учуп өткөндө.
Айлыңдан сени көргөнмүн,
Алчалар гүлүн төккөндө.
Арадан мезгил алмашып,
Айларга айлар жалгашып.
Акыры күткөн күн келер,
Кошулуп колду кармашып.
Жүдөтүп жаштык жалыны,
Кетирди кубат, алымы.
Тайманбас, өткүр жан элем,
Сүйүүнүн болдум карыбы…
Кусалык
Тегиз карап оңду жана солду да,
Теңиздикти алар элем мойнума.
Тайкы кылып бешенемди тагдырым,
Тар жолунда мени өксүтүп койду да…
Кыска ойлобой, узун санап бардыгын,
Тилечүмүн тилектердин айдыңын.
Ызаланам көпкө жетпей калганга,
Ыкка көнбөс убакыттын тардыгы.
Ким бүтүрөт мен жетишпей калганды,
Көп ойлонтуп тынчымды алган арман бу.
Эрте кечип кетким келет кээ бирде,
Оопасы жок, бул дүнүйө жалганды.
Көөнүм төңүп ачылбаган сырларга,
Көңүл чөгүп… мен кечирген жылдарга.
Кайрадан бир алаксыймын арбалып,
Кайберендей кайып болгон ырларга.
Ачык күндө ак таң болуп сөгүлбөй,
Ак жамгырдай маржан болуп төгүлбөй…
Жан отумду арбап алган ыр дүйнө,
Закым болуп алыстайсың көрүнбөй.
Жаштык кезим элес болуп кылактап,
Жакшы күндөр узап барат ыраактап.
Жаным сүйгөн, каным сүйгөн ыр дүйнө,
Жалгыз сенден алып келем ырахат.
…Күндүн нуру эритип бүт ызамы,
Күлүп келет жакшы үмүттөр жышааны.
Теңдеши жок тереңинде саптардын,
Чөгүп барат жанымды эзген кусалык…
Шамал согот айдарым
Жашай албас ырсыз, күүсүз, жомоксуз,
Жашоого бир келип-кетер конокпуз.
Ошондуктан өтөр күндүн ар бири,
Өтө кымбат, бошко саатын короткус.
Канчалык көп болгон менен тааныштар,
Арасында арзыганың бир адам.
Көптөр өткөн бирок аны таба албай,
Арманы ырын ырдап ушул жалгандан.
Жылдыздары бирге жанып тең келер,
Бул жашоодо азбы ушунча пенделер.
Араздашуу…, ажырашуу айынан,
Арабызда болуп жатат эмнелер?
Бирөөлөрдүн кыйрап жашоо турагы,
Бирөөлөрдүн жанбай калды чырагы…
Агып келет өз нугундай токтобой,
Алмустактан аккан жашоо булагы.
Кайыктырып катаал жашоо ызгаары,
Канча жүрөк…, канча сезим сыздады!
Ырк кетишүү жылуулугун качырып,
Ысык, жайлуу канча төшөк муздады…
Пенде экенбиз, бирок аны ар кылбас,
Пейил бузуу кимди гана азгырбас!
Баш кошкондор ысык-суукту тең бөлүп,
Болсо кана, дайым бирге, тагдырлаш.
…Мындай күндү мен да баштан өткөрдүм,
Келбейт бирок жалгыз сени жек көргүм.
Кадырымды барктабадың кезинде,
Капарыңа, кечир… Өтө кеч келдим…
Карыш турган аралыкты арытпай,
Кантсем дагы кадам арбып жарытпай.
Калкып барам чексиз мухит үстүндө,
Каран үзгөн калагы жок кайыктай.
Алыс калды жашыл жээк майданы,
Артып барат азабы күч арманым.
…Белгисиз бир жашыл арал көрүнүп,
Бет алдыман шамал согот айдарым!
***
Сураганы барган элем жайыңды…
Жанбай турат терезеңдин жарыгы.
Жакынсынган адамыңды таба албай,
Жаман экен, так ушинтип зарыгуу!
Көп күн болду көрүнбөйт эч карааның,
Кимден сурап, кайдан алам кабарың?
Сенин кара чачтарыңа окшошуп,
Күн карарып, ачпай турат кабагын.
Жылдыздар жок, булуттарга жашынып,
Ай да күңүрт, аппак нуру басынып…
Туман болуп тумчуктурат миң санаа,
Келем илкип… Үмүттөрүм чачылып…