Курбанбай Калдыбаев
(1938 – 1984)
Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл кеңешине караштуу Ак-Терек айылында төрөлгөн. Чымыр денелүү, шамдагай жигит болуп, той-тамашаларда күрөшкө түшүп, ордо оюнунун чыгаан чебери жана жакшы мергенчи болгон. Аскерде кызмат өтөп келип, Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетинде Лениндик стипендия менен окуп, артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда окутуучу болуп иштеген, кийин-соңунда көптөгөн жаш таланттардын мектебине айланган “Сапар түйшүгү” адабий ийримин негиздеп, жетекчилик кылган. “Тууган жерим – туу казыгым”, “Кол табы” деген ыр жыйнактарын чыгарган. Ош областтык телерадио комитетинде редактор болгон. Көзү өткөндөн кийин бир тууган жээни, Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Асылбек Айтманбетов “Сапар түйшүгү” аттуу жыйнагын түзүп чыгарган. Бул ырлар менен сүрөттөр ошол китептен алынды.
Акын бир тууган карындашы Шарапат менен
Өрүкзар
Мен сага жазда келгем, жайда келгем,
Эзилип мөмө бышкан айда келгем.
Көңүлүм көркөмүңө туткундалып,
Буйруптур, кийинчерээк кайра келгем.
Бутактар сыймыктанып жашы менен,
Тулаңдар желге тарап чачын өлөң…
Өрүкзар – көрүнгөнсүң келин болуп,
Мөмөлүү, жалбырактуу жашыл денең…
(Чынында көп нерседен кур калабыз,
Өмүрдүн бүтөөр чегин алыс көрүп…).
Сенден эч ажырагым келбей койду,
Сезимди чырмап алып наристелик…
Аргасыз кош айтыштык…
Дагы келдим.
Күз эле,
Өрүкзардын багын көрүп –
Ичинде үч-төрт жандык оттоп жүрөт,
Окшобойт мурункуга такыр белгиң.
Жымжырттык.
Нес немече жалдырадым.
Өрүктүн жерге түшкөн жалбырагын
Басууну ыраа көрбөй аттап өтөм,
Жалбырак, жалбырактар бардык жагым.
Шамал да өчөшкөнсүп күчөп улам,
Шып жулат жалбыракты бутагынан.
Балача ыйлайт, каалгыйт, кыйыктанат,
Түшпөгөн энесинин кучагынан.
Жалбырак жупка мисал кабатталып,
(Жандыктар жыргайт мында тамактанып).
…Жалбырак чымчык болуп конот жерге,
Кайра учпайт чымчыктардай канат кагып…
Селсаяктын ыры
Селсаякмын – тажаткан уяңдарды,
Селсаякмын – жадаткан кыялдарды.
Өпкүлөйм аялдардын бети тургай,
Өлөң чөптү, бедени, тулаңдарды.
Селсаяктык алдыга акчы демеп,
Алга жылуу, токтобоо – жакшы, демек,
Кыялдарым турганда бууракандап,
Кыздар мени ар дайым жакшы көрөт.
Алгы жылуу – бул дурус. Оолукпаймын.
Бул сапатым белеги тоолуктардын.
Мээримине жылынуу күнөө эмес,
Мен кыздардын көңүлүн оорутпаймын…
Бирок, турмуш, туйлабай акырын ак,
Сулуулукка, өмүргө акын ынак.
Кебетеме караба, кеп анда эмес,
Келчи мага, сулуу кыз, жакыныраак.
Табиятты тааныган сезим менен,
Селсаякмын эч кимге сезилбеген.
Жан дүйнөмдө жооп бар, ачкычтар бар,
Махабат бар, үмүт бар – сен издеген.
Жүрөгүңө жүрөктүн деми бирге,
Кумар жазар кушуңмун сейилиңде,
чарчаганда кубатмын, шапатамын,
чаңкоо басар кымыз бар пейилимде.
Тоо жаңыртып эң чабал үнүм менен,
Куттуктаган кутмандуу күнүң менен,
Селсаякмын – сен үчүн азап тарткан,
Селсаякмын – эч кимге билинбеген….
Жалгыздык
Ээндик. Суунун бою. Кечиндеги
Экөөбүз сырдашкан күн эсиңдеби?
Аңгыча шамал жүрүп, күткөн өңдүү,
Аймалап жүзүбүздөн эсиргени…
Уйпалап чөптү суунун боюндагы,
Уктабай атырган таң оюңдабы?
“Бүгүнкү сырыбызга күн да күбө,
Бүттү”,- деп жалгыз чекит коюлганы.
Ойдогу бактыбызды жылмыштырып,
Оңбогон бир макулук кылмыш кылып…
Эссиздик эркибизди бийлеп алып,
Эми биз эки үйдөбүз турмуш куруп.
Ээндик. Суунун бою. Кечиндеги
Экөөбүз сырдашкан күн эсиңдеби?
“Оюмда, унутайын кантип?”,- дедиң,
Оо, анда, ботокөзүм, кечир мени!..
Чабалекей
Чабалекей, секетим, табылбасым.
Чабалекей, бир боорум, карындашым.
Өтүнүчүм өкүмдүү табияттан:
Өзүңө эч жамандык кабылбасын!
Кайдан таптың үйүмдү, качан көрдүң,
Бир эмес, он мертебе учуп келдиң.
Делебеме бир сезим аян берип,
Тереземдин бир көзүн ачып бердим.
Мурас үчүн кам жеген экөөбүзгө,
Кезек менен кыш куюп кетесиңер.
Алдабаган, аяшкан бирин-бири,
Силер бизден эстүүрөөк экенсиңер!
Таранган аларды көрүп туруп,
Балдарым да тазараак кийинишет,
Төр балапан баш бакса уясынан,
“Сегизбиз”,- деп балдарым сүйүнүшөт.
Мен силерге жем терип бергеним жок,
Олтурганда ойнотуп төрт баламды.
Төрт балаңды учуруп кетип калдың,
Ошол бойдон кайрылып келгениң жок.
Жадатканым жок эле улам келип,
Жашасын деп силерди кененирээк.
“Чабалекей канакей, келеби?-, деп,
Чарчатышты балдарым сурай берип.
Чабалекей, жан биргем, табылбасым,
Чабалекей, бир боорум, карындашым.
Эки көзүм төрт болуп эшик карайм,
Тегеректин сен кайсы жагындасын?
Айтарың чын, конок деп сен өзүңдү,
Антсең, мейли, өчүрбөйм элесиңди.
Жай албады жан дүйнөм чабалактап,
Чабалекей жана бир келесиңби?!.
Бир сулуу кыз жашайт биздин калаада
Көңүл бурбай
мага тургай
сага да,
бир сулуу кыз жашайт биздин калаада.
Каалаганым: мөлтүр сезим, тунук эс
жана дагы ылайыктуу жар ага.
Жарык маанай,
жанып турган сезимдей,
жүрөт ал кыз көпчүлүктө сезилбей.
Сен кандайча элестетсең сулууну,
Мен көргөн кыз так ошонун өзүндөй.
Кийингени жана жүрүм-туруму
жөпжөнөкөй –
студент го болжолу.
Ар кай жерден көрүп калам кокустан,
бир жылына ашып барса он жолу.
Көчөдө көп сейилдебейт, менимче,
Көрүү кыйын эгер сыртка чыкпасаң.
…Саатын улам карап коюп,
Көбүнчө
Китепкана жактан чыгат сумкачан.
Жараткандан жатсам-турсам суранам:
“Жалган сөздөн, жалган көздөн жалга”,- деп,
Дагы көрдүм,
Ал перизат бул сапар,
Базар жактан келатыптыр алма жеп.
Бир акындын айткан сөзү эсте бар:
“Илхамдуу дос, бир нерсени билип ал –
Ыйласа да, жини келип турса да,
Кайра өңүнө чыгат экен сулуулар…”.
Ооба,
көргөм, ошол эле мүнөттө.
Бир жаңылык ачып берген ал мага.
Сен да жаш дос, тартып көрчү сүрөткө,
Ак тиштерин батып турган алмага.
Арман дүйнө!
Кайсынысын айтам, ай!
Да бир күнү накта түштүм жалынга.
Спектакль бүткүчөктү байкабай,
Кашайсамчы! Олтурупмун жанында.
…Шуудуратып тулаңдарды, жалбызды,
Шоола мисал түшүп келген көктөн бир,
Көчө көрккө чыга түшчү бөтөнчө,
Көптөн бери көрбөй калдым ал кызды,
Балким окуу жайын бүтүп кеткендир,
Бир эси жок ала качты бекен же?!.
Көңүл бурбай, мага тургай, сага да,
Бир сулуу кыз жашайт биздин калаада.
…Менин сени издегеним кимге шам,
Сен саламат жүрсөң болду, садага!
Кол табы
Дем шилеген куруп турган алыңа,
кубат кошкон жүрүп турган каныңа,
кереметтүү күч катары сыйынам,
колубуздун өзгөчө бир табына.
Жаратылыш бизди татаал жасаган,
турбайт дайым көңүл күүсү чертилүү.
“Кол жеткис” деп эл ичинде жашаган,
Сөздүн, көрсө, тереңде экен төркүнү.
Адамдардын айырмалуу башкадан,
бийик, асыл сапаты бар затында –
жана мээриң, сүйүүң, ыклас-мамилең,
чогулгандай алакандын отунда.
Жыланды да,
жырткычты да көр сынап,
Кулак түбүн, маңдай, жонун бер сылап:
Жүнү жатып,
коюуланса көздөрү,
демек, колдун жылуулугун сезгени.
Эми сенден өзүн алып качалбайт,
кайра эрксиз сыйкыр күчкө тартылат.
Көзүндөгү каары өчүп,
басаңдайт
денедеги жумшак, майда калтырак.
Курал да жок жакшылыкты ченеген,
Аны эч ким доомат кылбай келебиз.
Жалгыз гана кол аркылуу не деген,
Өлчөмү жок кудуретке эгебиз.
***
Зайыбым,
бүгүн дагы түшкө кирдиң,
Сагынып жүргөнүмдү кайдан билдиң?
…Мага деп алып койгон буюм беле,
Айтор сен
Бир нерсе издеп таппай жүрдүң.
А баса,
шаарда эмес, айылдасың,
жаныңда кошо жүрөт карындашым.
Мен сени колдон тартам:
-Издебечи!
Отурчу,
Табылбаса табылбасын!
Зайыбым, бүгүн дагы түшкө кирдиң,
Жаңыдай үстүңдөгү жеңил киймиң.
…Бир кезде мен диванда мас отурам,
Сен тышта үн чыгарбай ыйлап жүрдүң…
Ойгонсом:
эсим эки,
жүрөк калбыр.
Түшүңө нелер кирбейт шайтан алгыр…
Көрүнбөйт күндүн көзү,
Үч күн болду,
а сыртта дале куюп жатат жамгыр…
***
Уят го ичкиликти жамандашың,
Бир билсең – ошол сенин замандашың.
Ак сөзүм – кээде мурун салам берем,
Аттап өтүп эсирген аял башын.
Ченеп ич, кир кыялга тумчукпайсың,
Чын окшойт менин сөзүм – унчукпайсың.
Жүрөксүз аял сени жүз өпкөнчө,
Жүз грамм арак ичсең тынч уктайсың.
Дептериме
Көгүчкөнүм – кызыл тыштуу дептерим,
Карлыгачым, кыя өтүп кетпегин.
Жолдо калды жарык чачкан максаттар,
Жарык делчү үмүтүмө жетпедим.
Жок! Жок жана кызыл тыштуу дептерим,
Уга көрбө ушакчынын кептерин.
Бел сындырган оору менен сыркоолоп,
Бет чыдабай “бейитиңди” эстедим.
Ошол менин бар арманым, дептерим!
Бассам, турсам такыр эстен кетпедиң.
Жоголорум бышык дечи эрте-кеч,
Бирок сырдаш, жолго таштап кетпегин.
Анан десең, мен буларды эстедим:
Эрте учкан турналарга жетпедим.
Муңум эмес бул жазылган тамгалар,
Муну элге айтып койбой өтпөгүн!!!
Эсен болгун, кызыл тыштуу дептерим,
Элге кабар алып барчу кептерим!
Кулак уккан жерде атым айтылат,
Курбанбайды дайым, дайым эстегин…
20.01.83.
Алды жак
Доктор Масабиров Таирбекке
Узайбыз өткөн күндү кылчак карап,
Өмүрдүн көз кызартып алды жагы.
Бул дүйнөң – саябандуу бир зор дарак,
Биз анын көркүн ачкан жалбырагы.
Алдыда күтүп турат жашыл белес,
Боз адыр, кум бел жатат андан ары.
Кеп канча жашка чейин жетүүдө эмес,
Кандайча жашаганда кептин баары!
Үрпөйүп өлүмтүккө, аңга конуп,
Үч кылым жашаганча карга болуп –
Ой-максат алды жакта болбогон соң,
Отуз жыл бүркүттөрдөй жашаган оң.
***
Чоң базарда мен алуучу буюм жок,
Ал анткени чөнтөгүмдө тыйын жок.
Түшкө чейин олтурамын ыр жазып,
Түштөн кийин менден өткөн кыйын жок.
Ушул Ошто ага да бар, ини бар,
Алар менин бир боорума барабар.
Мен аларга ыр окуймун күпүлдөп,
Алар мага төлөп турат “гонорар”.
“Ыр дептерим” дайым түшпөй демимде,
Бир ырымды үч окуймун кеминде.
Анан мени алпарышат жетелеп,
Үйлөйбүз деп “Вермут” аттуу келинге.
“Вермут” али он сегизге чыга элек,
Мени эч бир айың сөзгө жыга элек.
Этек-жеңи тийсе тийип кеткендир,
Зульфиядай жамандыкка кыя элек…
Муктарга
Муктар, иним, садага,
Агамдын ыры барбы деп.
Архивдерден каратпа,
Ар кимден сурап жадатпа.
Калем сабым койкоңдоп,
Кагазды жыттап соймоңдоп –
Жамбаштап жаңгак столго,
Жазганга шартым болгон жок.
“Ак куржун толо ыр калды”,-
деп ырдаса Жеңижок,
Ак куржунду мындай кой,
Менде ак блокнот толгон жок.
Көз ачып көргөн Зульфиям,
Көңүлүм улап койгон жок.
Арзыган уулум Ак-Назым,
Алымды сурап койгон жок.
Ийгилик конуп жашымда,
Иштеп турсам башында –
Инилерим турчу эле,
Имерилип кашымда.
Даанышман болуп башында,
Дарс окуп турсам жашымда –
Агайын-тууган жүрчү эле,
Айланчыктан кашымда.
Ак сүт ичсем элде жок
Алтыным агып селде жок?!.
Алты жыл тепсем оромпой,
“Ай!”,- деп койгон пенде жок.
Бетеге кетти бел калды,
Бектер кетти эл калды.
Осмо кетип каш калды,
Ооматы кетип баш калды.
Эпитафия жазылган,
Мүрзөмдө эски таш калды…
3.01.84.
(Ушул ыр жазылгандан сегиз күн кийин акын машина уруп кетип каза болгон – ред.)