Домой Чыгармачыл аалам Ыр-күү коштогон алтымыш жыл

Ыр-күү коштогон алтымыш жыл

16

Жакында Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө ушул эле айыл өкмөткө караштуу №26 Тургунбай Анаркулов атындагы орто мектептин музыка мугалими Жолдошбек Плановдун “Сахнада алтымыш жыл” аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Ал бир нече обондорунун сөзүн өзү жазып, башка акындардын тексттери менен бирге эле өз ырларына да обон чыгарган аткаруучу, обончу, акын. Жаш чагында ооз комуз да каккан жайы бар.
“Достук” айылынын маданият үйүндө кеңири программаны камтыган кече адегенде Жолдошбек Аспековичтин эс тарткан балалык чагынан ушул күндөргө чейинки өмүрү менен эмгек жолу, үй-бүлөсү, аскердик турмушу, студенттик күндөрү жана талыкпаган педагогдук-маданий ишмердүүлүгү тууралуу сүрөт баяндар, жан дүйнөнү оболоткон окуучулардын шайыр ыр-күүлөрү, кыргыз бийлери менен коштолду. Маданий бул иш-чараны ал өзү иштеген орто мектептин мугалимдери менен окуучулары, айылдаштары даярдашкан. Ага Жолдошбек агайдан кыргыздын улуттук маданий аспаптарында ойноону, ырдоону үйрөнүп, азыркы күндөрү облустук филармонияда жана башка мекеме-уюмдарда иштеп жүрүшкөн ушул мектептин ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрү, анын кесиптештери, музыканттар, айылдаштары, туш тараптан чакырылган урук-туугандары менен куда-кудагыйлары, дос, тамыр-тааныштары катышты. Сахнага толуп чыккан кыз-уландар Ата-Журтту даңазалап, аны сүйүүгө чакырган мекенчил ырларды хор түрүндө аткарышып, “Фестиваль”, “Мекенимдин иши үчүн”, “Атың жакшы Ысык-Көл” аттуу ырларды ырдашты. Комуз чертип, баян жана аккордеондо кол ойноткон Жолдошбек Плановдун өзү автордук көптөгөн обондору менен бирге эле “Күлгөнүң гүлгө гүл азык”, “ Арноо ыры” деген жана башка чыгармаларын орундап, көрүүчүлөрдүн кол чабууларына арзыды.

Жүз балалуу “Жаш тилек”…

Жолдошбек агай азыркы күндө да өзү эмгектенип жүргөн мектептин гимнин да даярдап чыккан. Мектепте жүздөн ашык уул-кыз катышкан окуучулардын хору менен жаш комузчулардын “Жаш тилек” аттуу ансамблин уюштурган. Балдардын ал хору жана комузчулардын ансамбли менен облустук нечендеген кароо-сынактарга катышып, бир кыйла сыйлыктарды утуп алган. Элүү үч жылдан бери музыка мугалими болуп иштеп, ушул күндөрдө да мектептен кол үзбөй, окуучуларга терең билим, татыктуу тарбия берип, үзүрлүү эмгектенип келатат.
Ал өз мектебинде бир канчалаган комузчу, ырчыларды, сахна чеберлерин даярдап чыгарды. Алар Жолдошбек агайдын жолун жолдоп, ырчылык өнөрдү кесип кылып алышкан. Ж. Планов көп жылдык талыкпаган маданий жана педагогдук ишмердүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Жалал-Абад облустук, Ноокен райондук мамлекеттик администрациялардын, дубаныбыздагы облустук билим берүү жана илим башкармалыгы менен райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, мугалимдердин тармактык профсоюздук комитетинин жана башка мекеме-уюмдардын, фестиваль-сынактардын Ардак грамоталары, медалдары менен сыйланган. “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси да болуп саналат.
Ал 1949-жылы Аксынын Тегене айылында төрөлгөн, бирок ата-энеси 1951-жылы Ноокен районуна караштуу Достук айыл аймагынын Теңдик айылына көчүп келет. Ал 1962-жылдан тартып, өнөр жолуна түшүп, ырдай баштайт. Ошол эле жылы, он үч жашында баян менен ырдап чыгып, Ош облустук кароо-сынакка катышып, биринчи орунду ээлейт.
-Алгач “Марсиана”, “Гүлдөсүн тынчтык, гүлдөсүн!” деген обондуу ырларды ырдап жүрдүм. Ырдап калышыма Муса Баетовдун жана Рыспай Абдыкадыровдун ырлары түрткү берди. Адегенде Жалал-Абад шаарындагы зооветеринардык техникумду, андан кийин ошол эле шаардагы соода техникумун окуп бүтүрдүм. Кийин Фрунзе шаарындагы Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктадым. Кыргыз эл артисти, куудул Келдибек Ниязов менен курсташпыз.1979-жылы Таш-Көмүр шаарына карап турган азыркы Теңдик айылында жайгашкан №9 орто мектепте музыка мугалими болуп иштедим,- дейт ал өзү тууралуу кыска гана.

Элге сиңген эмгек

Кечеге келгендердин бардыгы Жолдошбек Плановдун ишмердүүлүгүн жогору баалашып, үй-бүлө, бала-чака, эли-журту менен чогуу ден соолугу бекем болуп, бир метр токсон сантиметр болгон узун боюндай эле өмүрү да узун болуусун тилеген каалоолорун айтышып, башына ак калпак кийгизишип, ийнине чепкен жабышып, колуна баалуу-белектерин карматышты. Алардын бири Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Олжобаев мындай деп, ага төмөндөгүдөй кайрылды:
-Искусство сабагы балдарды тарбиялоодо чоң мааниге ээ болоорун эч ким танбайт. Музыка бар жерде эстетикалык тарбия, сабырдуулук, толеранттуулук, позитив жана ынтымактуулук, боорукерлик, чер жазылган жакшы жашоо-турмуш, тамаша-оюн жана узун өмүр бар. Биз билгенден Жолдошбек Аспекович чоң, улуу педагог. Азыр башка жерде жок балдардын хору менен комузчулардын ансамблин уюштурганы эле канчалаган зор эмгек! Агай, сизге дөөлөттүү карылык, узун өмүр, бакыбат турмуш каалайбыз! Ушул айылдагылардын баары сизден таалим-тарбия алышкан.
Ушундай эле пикирди билим берүү жана илим кызматкерлеринин Ноокен райондук профсоюздук комитетинин төрагасы Кубаныч Нышанов да билдирсе, куттуктоону уланткандардын бири музыкант Өскөн Кудайназаров жана башка ыр ышкыбоздору ага арнаган ырларын көркөм окуп беришти.

Жолдошбектин “кара кызы”

Жолдошбектин кудайлашкан досу, Ноокен райондук тарыхый-этнографиялык музейинин директору Абдрахман Исаков ал тууралуу:
-Досум Жолдошбек Планов жалаң баян менен кыргыздын ыр-күүлөрүн ойнойт. Кайсы жакка барса да, машинасына түсү кара баянын кара чемоданына салып жүрөт. Бир жолу мага: “Кадамжай районундагы Майдан айылына барып келели”,- деп калды. Мен: “Макул, ким менен барабыз?,- десем, “Кара кыз менен”,- дейт. Машинасын айдап, эрте мененки саат ондордо биздикине келди. Машинаны карасам, өзүнөн башка эч ким жок. Мен ичимден: “Ырчы кызды салып алган окшойт”,- деп ойлопмун. “Кара кыз менен барабыз дедиң эле. Ал кана?”,- десем, Жолдошбек: “Ал аркада отурат го! Көрбөдүңбү?.. Ишенбесең, карап көр!”,- дейт, күлүп. Автомашинасын ачып, карасам, баян салынган кара чемодан турат да, кыздан дайын жок. “Баян эле турат го!”- десем, “Ошо баянымды “кара кыз” деп коём да”,- дейт. Көрсө, анын музыкалык ар бир аспабынын өзүнчө аттары бар экен…,- деп айтып берди.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.