Домой Чыгармачыл дүйнө Ыр периште даарыган ысымдар

Ыр периште даарыган ысымдар

20

Baian.kg сайты учурунда ысымы эл-журтка угулган, бирок көзү өтүп кеткен соң аты аталбай бара жаткан, ошентсе дагы артына калтырган керемет ырлары аркылуу унутулбай келе жаткан бир катар акындардын ырларын журт эсине дагы бир ирет салып, эскерип турууну чечти. Азырынча Айтмамат Үмөталиев, Жоробек Султаналиев, Асан Токоев, Курбанбай Калдыбаев, Абиш Мамадалиев, Камалдин Султанбаев, Айдарали Жапаров сыяктуу ысымдарды көз алдыга тутуп турабыз. Калганын дагы толуктай берербиз. Эмесе баштадык, кезинде Сооронбай Жусуев, Таш Мияшов сыяктуулар менен үзөнгүлөш жүрүп, кийин турмуш-шартына байланыштуу мугалимдикке байланып өмүр кечирген акын Кармышак Жээнбековдун айрым ырлары назарыңыздарда.

Кармышак ЖЭЭНБЕКОВ
(1928 – 2015)

Өзүм жөнүндө
(Өмүр баян)

Мен, Жээнбеков Кармышак, 1928-жылы, балык жылында, Алай районундагы Корул айылында күздө, октябрь айында туулгам. Атам Баймырзаев Жээнбек 1855-жылы туулган. Көп аял алып балалуу болбой, 71 жашында 1926-жылы менин энеме үйлөнөт, энем анда 34 жашта болот. Апам 1941-жылы август айында каза болуп, атам 1943-жылы январда дүйнөдөн өттү. Мен ошентип ата-энеден 13 жашымда калып, бир эжемдин колунда чоңойдум. Анын мээримдүү кайнилеринин жардамы менен Оштон орто мектепти (интернат) бүтүп, 1948-жылы эки жылдык мугалимдер институтуна кирип, 1950-жылы аны аяктап, тарых адистиги боюнча бүтпөгөн жогорку билимдүү мугалим адистигине ээ болуп, мугалим болуп калдым.
1951-жылы аскерге алынып, 1954-жылдын ноябрь айына чейин Грузияда, Абхазияда кызмат кылдым.
1954-жылдын декабрь айынан баштап, Алай районуна караштуу Корул айылында, Кең-Жылга мектебинде мугалим, 1955 – 1960-жылдары директор, ошондон тарта 1985-жылга чейин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим. 1988-жылдан пенсияга чыкканмын. 1964-жылы тарых адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгом.
Аялым – Алтымышова Саван, 1935-жылы туулган, 1955-жылы Ош педагогикалык окуу жайын аяктаган. 1955-жылы баш кошконбуз, ошондон бери бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп, бирге жашап келе жатабыз. 5 уул, 6 кыздуу болдук, уул-кыздарыбыздан 21 неберелүү болдук. (Бул сан өмүр баян жазылган учурдагыга туура келет -ред.).
Атам Баймырза уулу Жээнбек 9 уул, 5 кыздын улуусумун дечү, анын апасы Асел энем Өзгөндүн Тамга-Терек жеринен болот, төөлөс уруусунан. Ал эми менин энем Алайдагы Олжоке уруусунан, аты – Булум.
Кармышак Жээнбеков.

***
Аскердик кызмат аткарып,
Абхазда жүрдүм төрт жылы.
Кавказда калды ошентип,
Кармыштын азоо өрт жылы…

***
Кайың, арча, карагайлуу салкында,
Кипарис жыт буркураган аромат.
Капчыгайдын сулуулугун созултуп,
Күмүш булак агып жатат шылдырап.

Жаш жүрөктүн самаганы, эркеси,
Шыңкылдаган сылык басып ыр ырдап.
Өзүң элең өмүр гүлү кара көз,
Таң чолпону күйүп турган балбылдап.
15-июнь 1953-жыл,
Кутаиси шаары.

***
Жаз алдында жаңы гана бүр ачып,
Таң желине кызгалдактай гүл ачып –
Экиленип жаш чыбыктай ийилип,
Ыр ырдадың булбул үнүн улашып.

Абдан назик, абдан эрке кыз элең,
Айдан жарык, бой тирешкен күн менен.
Бир перизат, билбейм, элге кандайча,
А мен үчүн сулуу элең гүлгө тең.
12-сентябрь, 1952-жыл.
Сухуми шаары.
Дарьял

Береги арча, береги аска туурадан,
Берки белес, берки шумкар уядан.
Атырылып ак буудандай жулкунуп,
Бермет булак булут чарпып туйлаган.

Мобул кайың, мобул кырчын карагай,
Мына бул бет, көк тескейлүү салкын жай.
Көрүнүшү туш кийизге келтирип,
Гапар абам сүрөт тартып салгандай.

Кумарланткан бир көрбөгөн адамды,
О, Дарьял, о, салкын жай, көркүң ай,
Кызмат кылып сенде бир жыл жашагам,
Ала-Тоодон учуп келген барчындай.
13-октябрь, 1953-жыл,
Казбек району.

***
1951-жылдын март айынан тартып Советтик Армиянын катарында кызмат кыла баштадым. Солдаттык күндөрүмдө турмуштун далай-далай өткөөлдөрүнөн өттүм. Далай жерлерди көрдүм, тажрыйбама тажрыйба коштум. 1951-жылдан 1953-жылга чейин Закавказьеде Грузин республикасында Абхазияда, Россияга караштуу Адлер шаарында болдум.
1953-жылы сентябрдан Тоолуу Грузиянын Казбек районунда кызмат кылдым. 1953-жылы 2-сентябрдан Грузиянын Кутаиси шаарынан жөнөп, Казбек районуна келдик. Кутаисиден Зестафони, Зугдиди, Хашура, анан эски Мцхетага келип, Мецхетадан Казбекке машина менен жүрүп, учурунда Пушкин, Лермонтов, Грибоедов ырга кошкон атактуу Крест (Гудуаура ашуусу) ашуусун ашып өттүк. Төмөнкү ырымда ошол жолду ыр менен баяндагам.
13-сентябрь, 1953-жыл

1. Кутаиси

Аркырап түтүн бүрккөн паровоздон,
Алгалап арыш керип обон созгон.
Эшалон тоо желине каршы чуркап,
Ашууга жетип келдик чыгып коодон.
Хашура, Зугдидини, Зестафони,
Калтырып артка таштап алда болгон.
Вагондон мондалина үнү угулат,
Келаткан кыз-жигиттей улуу тойдон.
Мына эми, Мцхетага да кирип келдик.
Жумушчу колу менен кооздолгон.

2. Мцхета

Капкасы бышкан кыштан болоттолгон,
Боёгу алтын сырдан боёктолгон.
Арсендин, Сакадзенин убагында.
Атактуу аты чыккан болот коргон.
Бирок да келген душман тийип кетип,
Дыйканга, эмгекчиге кайгы болгон.

Азырчы, Кура агып күрпүлдөгөн.
Карагай, кайың, арча, жашыл өрөөн.
Жээгинде колхоз багы, булбул сайрап.
Карысы кайра жашап өнөрлөнгөн.
Бир кезги шум заманды эске салып,
Өмүрдүн бул кезинде бакыт көргөн.

Кичине, бирок дагы сонундалган.
Сулуу шаар, өнөр жайлуу. форумдалган.
Эскинин эстелиги азыр турат,
Бирок да, шаар жаңы, жаңы салган.
Саат он, алты жоокер машинада,
Жөнөдүк Казбек беттеп ушул жайдан

3. Мцхета – Казбек жолунда

Жаш жүрөк – азоо кунан, кандай тентек,
Ашыгат каршы чыккан желге эркелеп.
Учсам дейт канат байлап асман менен,
Шашылып жетсемби деп элеп-желеп.
Шоссе жол, айлана бак, күн көрүнбөйт,
Жапайы өзүнчө өскөн чынар терек.

Мен келаткан ушул жол татаал ашуу,
Крест ашуу аталат артуу-артуу.
Мөңгү кетпес көк тескей, татаал жолу,
Жибек булут айланган тунук карлуу.

4. Крест ашуусу

Ай жанында ак булутка теңешкен,
Асман менен сыр чечишип кеңешкен.
Буурул чачтуу жүз кылымды санаган.
Оюна алып узак экен дебестен.
Кыл чокуга адам басып чыга алгыс,
Ушул артуу, ушул ашуу белестен.

Ашуу үстү дүйүм чөптүн баары бар.
Көдөөлүү бет, альпы жайлоо, салкын жай.
Жер соорусу алтын, күмүш, кенге бай,
Крест ашуу жайы мына ушундай.
Так ушундан агып чыгат Терек суу,
Күкүк болуп күрпүлдөгөн салкын жай.

5. Дарьял капчыгайы

Жалама аска, маңдай-тескей бийик зоо,
Тегереги кереге таш терең коо.
Үстү көдөө, жайыты кең, ат жайлоо,
Арчалуу бет, Памирге окшош Ала-Тоо.
Кең өрөөндү кесип, тилип өткөн тоо,
Эмгекчиге өткөөл болгон улуу тоо.
Терек агып кучагында туйлаган,
Тоонун көркүн күүгө салып ырдаган,
Грузиянын көркүн ачкан сулуу тоо.

6. Терек суусу

Башталып Гоби тоосунан,
Булактуу Дарий коосунан.
Бириндей агып бириккен,
Өркөчтүү дайра толкуган.
Капчыгай толуп күрпүлдөп,
Күкүктөп агып оргуган.

7. Казбек

Жай-кышы кетпей ак мөңгү,
Жумшак жел, салкын өзөнү.
Жалтырап күнгө чагылып,
Жакуттай таза көлдөгү.
Кар тоосу жатат аскалуу.
Капкалуу бийик төрдөгү.

Төшөк кылып түбөлүккө жатармын,
Тирүүлөрдүн салган бир ууч турпагын…

***
Тукум атын, ата атын өчүрбөй,
Туусун кармап ушул күнгө улапмын.
Кудуреттин колдоосуна кабылып,
Мен атадан калган жалгыз туякмын.

Бабаларым үйдө жатпай аттанып,
Хан ордонун буйрук ишин аткарып –
Көп убакыт турчу экен Кокондо,
Эл ичинде хан Жарике аталып.

Жел жүргөндөй жүздөп жылдар саналган,
Андан бери өттү нечен калайман.
Күрөш менен өсүп-өнүп келебиз,
Ушул урук ушул ата-бабадан.
28-апрель, 1997-жыл.

***
Аскер өтүк, сары көйнөк, шинелим,
Андан башка мен эмнени кийемин.
Тууган жерге келген менен сагынып,
Дайыны жок кайсы үйгө кирерим?

Эшигиңди сагалаймын кимиңин,
Мен миңдеген жалгыздардын биримин.
Эч болбосо кыйыр тууган деле жок,
Аркалаарым – эки жылдык билимим!..
12-май, 1997-жыл.

***
Чал жетимиш, кемпир кырктын кырында,
Мындай жашта перзент көрүү кыйын да.
Алкулум деп алкабаса Жараткан,
Кайдан көрсүн наристени чынында.

Жакшы санап, жаманы жок кылчалык,
Аба дешип көрсөтүшпөй ызалык.
Ыйык карап периштедей көрүшчү,
Ошол айыл учу кетип узарып.

Абышканын атын улап узарттым,
Өчпөс болуп журт аралап жүрөт чын.
Жараткандан алкоосуна кабылып,
Мен атадан калган жалгыз туякмын…

***
Кудай мага беш уул, алты кыз берген,
Жууду белем көкүрөктө муз черден.
Шүгүрчүлүк, жалгыз эми бир айыл,
Киши болдум курбуларга теңелген.

Сүйөнөрүм жөлөгүм бар аркаман,
Кымкуут бороон, кыйын күндөн калкалап –
Пендечилик көз жумулса бир күнү,
Чуу чыгарып ыйлаарым бар аталап…
15-апрель, 1997-жыл.

***
Ак үйүмдүн төшөнө албай жуурканын,
Аккан суунун татый албай ууртамын.
Төшөк кылып түбөлүккө жатармын,
Тирүүлөрдүн салган бир ууч турпагын.

Таң аттыбы, көөдөй түнбү кеч кирип,
Түк билинбей изиң калар эскирип.
Куу топурак арасында жатарсың,
Курган башты курт-кумурска кемирип.
Карап көрсөм каларыбыз чын тура,
Тирүүлүктө жүрсөк дагы керилип.
17-октябрь, 1996-жыл.

***
Казы байлап, тыным алып жатпадык,
Бала окуттук, пенде парзын актадык.
Кыянаттын кылын дагы аттабай,
Кырк жыл бою напсибизди сактадык.
2-июнь, 1997-жыл.

***
Жокко канаат, барга кылып шүгүрлүк,
Жашайлычы күйүп-бышпай жүгүрүп.
Жараткандын берер насип үлүшү,
Да бир күнү колго тийер үлгүрүп.

Сөзбү, ишпи – колдон келген кааласам,
Өткөн экен оттой күндөр карасам.
Мына, курбум, таяк кармап эрчишип,
Иштен калып, сөздөн калып баратам.

Толот кемиң, тамак-ашың, баштыгың,
Бирок толбойт адамдыкта пастыгың.
Кайталанып бир кайрылып карабайт,
Өмүрүңдө бир келүүчү жаштыгың.

Куудай чачым, бетти тордоп жөргөмүш,
Алым ушул келип карап көрсөңүз.
Кенедей да жаштыгымдан белги жок,
Карылыктын салдары ал өлчөөсүз.
12-июнь, 1997-жыл.

***
Жыргап тосуп, жылдын жашыл көктөмүн,
Билбептирбиз анын өтөр өктөмүн.
Чаң ызгытып жүрө берген экенбиз,
Бөксөсүндө Төмөн-Кара-Бөктөрдүн.

***
Көп жигиттер кеп кылышат сулуусун,
Кыздар да бар менменсинбей, бирок тың.
Ушундайдан чыгып калса түгөйүң,
Бак ачылып чууруйт үйгө ырыскың.
5-июль, 1997-жыл.

***
Билгиң келсе өмүрүңдүн көктөмүн,
Белгиси жок жел сыяктуу өткөндүн.
Биздин изди тулаң басып калыптыр,
Бөксөсүндө Төмөн-Кара-Бөктөрдүн.

Көз алдымда жаштык өткөн элет жер,
Шибер кечип чуркаган кез, элестер.
Күлкү менен күндүн билбей өткөнүн,
Күүгүмгөче гүлдөр терген белестер.

Бара жатып жөө жол менен аста жай,
Өткөн күнгө кумарлануум тарабай.
Эске түшөт жаш кездеги жоруктар,
Өчкөн эски кино ленталарындай
9-сентябрь, 1997-жыл.

***
Сенин жылуу кучагыңа бөлөнүп,
Кубат алам, сага турсам жөлөнүп.
Ууч узарып, уул-кызым, неберем,
Ак чынардай бир өзүңдөн көгөрүп.

Көп жыл сопсоо, аз сыркоолоп, ооруппуз,
Жашоо жолу болмок беле оюксуз.
Арабасын бирге тартып турмуштун,
Кырк жыл жашап, кырк жыл иштеп коюппуз.
30-июнь, 1997-жыл. Ош.

***
Бир күн өтөм шум ажалга кез келип,
Жерге жашыр, кыштан салбай эстелик.
Жыт чыгарып, токоч кайрып жумада,
Куран окуп бата кылсаң эскерип.

Сезбе менден пендечилик сөзүмдү,
Келме айтып, токтоо кармап өзүңдү.
Чечиндирип, буту-колум сундуруп,
Беттен сылап, жумдуруп кой көзүмдү.

Тагдырымдын буйругуна көнөйүн,
Бул дүйнөдөн бүтүп алчу өнөгүм.
Калгандарын урпактарга калтырып,
Тигил дүйнө сапарына жөнөйүн.

Түркүк болуп дүнүйөгө ким калат?
Өтпөгөн ким, өткөн ата-бабалар.
(Жанын уучтап кала албаган же алар).
Урук улап, ата атын өчүрбөй,
Артыбызда жүрсө болду балалар.
13-июль, 1997-жыл.

***
Көргөндөй сүйлөп тарыхты,
Кырк жылды санап арылтты.
Калканы желген алкымым,
Канча ооруп, канча айыкты.
Ар дайым таза, оорубас,
Алтындан жасап алыппы?
Какылдай берип далай жыл,
Кармышты ошол карытты!

Каардуу согуш жылдары,
Көп катаал күндөр өткөрдүм.
Тамак-аш, кийим-кеченин,
Тартыштыгын көтөрдүм.
Ошонун калган калдыгы,
Оорутуп коёт жөтөлүм.
Суук тийген билемин,
Түтүгүнө өпкөнүн…
10-сентябрь, 1997-жыл.

***
Ата-энеге – кичинемде эркелеп,
Он үчүмдө коштошкомун эртелеп.
Кыркынчы жыл, ушул күнгө келатат,
Моюнума турмуш минип желкелеп.

***
Ашказанда, көп жыл жөтөл өпкөдөн,
Мен оорунун азаптарын көп көргөм.
Бирөөлөрдөй толуп-таша албастан,
Арбый албай жээгимде эле бөксөргөм.

***
Эс тарткандан турмуш жүгүн көтөргөм,
Жазмышымдын буйруктарын өтөгөм.
Таяк алып баскычакты кутулбай,
Мына ушинтип 70 жыл өткөргөм.

***
Көздөрүң панар жангандай,
Көркөмүң сулуу ак маңдай.
Перинин кызы адашып,
Биз жакка келип калгандай.
Башкадан артык мүнөзүң,
Башымда сөз жок, айталбай…

Башкача жүрүш-турушуң,
Баланы тартат өзүңө.
Суусуну канат таңдайдын,
Бал тамган таттуу сөзүңө.
9-сентябрь, 1995-жыл.

***
Бала окутуп, бала бактым ыйлаган,
Көбү тентек бир орунда турбаган.
Майлуу жерде “бөрүлөрдөн” орун жок,
Бак өстүрдүм, башка иш кылбай кыйраган.

Алдым-жуттум талабынан ыйбагам,
Ак эмгегим пендесинин сыйлаган.
Ырыскыга канаат кылып жашадым,
Бул жагынан напсим аруу кыйладан.
17-январь, 1998-жыл.

***
Дасторконго ырыс толуп ажайып,
А сезимдер карасы жок тазарып.
Бардыгыбыз бир жаш алга жылдык го,
А атаңдын сакал, чачы агарып.
25-декабрь, 1997-жыл.

***
Тирүүлүктө аман-эсен туралык,
Ырыскылуу дасторконго кубанып.
Турган менен өмүр агып дайрадай,
Атаң, апаң да бир жашка улгайып.

Дасторконго дүйүм оокат жайылып,
Жаңы жылда шаңдуу ырлар жаңырып.
Турса дагы жаштар ырдап толкундап,
Атаңардын алдын тосот карылык.

Жүз жаш күлгүн курак болсо эмине,
Жылдар өтсө курган өмүр кемүүдө.
Жүрсөм дагы кайраттанып канчалык,
Жакындадым бара турган жериме…
31-декабрь, 1997-жыл.

***
Ыр жазчы элем талант ташып ашыга,
Түмөн ойлор тууп-түнөп башыма.
Кээси чийки, кээси учкул төрөлүп,
Купул толуп кубанычтуу жакшына.

Калем минип тай күлүктөй коштодум,
Бирде озуп, бирде артта бошодум.
Таптай албай, актай албай милдетин,
Эптеп ырдап жүрө берет окшодум.
10-август, 1995-жыл.

***
Ал күндөр учкул жагалмай,
Болбосо тоодо маралдай.
Самаган кезде сакадай,
Алтындан кымбат досторду,
Ат менен издеп таба албай.

***
Бу күндө ойлор жарды, жашоо жарды,
Ушинтип тосуп алам буурул таңды.
Сапарда ой кыскарып, жашоо дагы
Сабына жетерине жакын калды.

Сабалап кыял учкул элеп-желеп,
Учкандай өмүр дагы кошо келет.
Бир күнү саат сымак токтоп калат,
Биз эмне, дүйнөгө устун болмок белек!
14-июль, 1995-жыл.

***
Алың барбы кутулуп,
Акка моюн сунуудан.
Ата-баба өтмөгү,
Боло келген мурунтан.

Адаштырган башыңды,
Ак борошо түн делет.
Адамдын муунун бошоткон,
Аянычтуу үн демек.
Атыңды союп өкүрүп,
Атаңды көмчү күн келет…
19-июль, 1995-жыл

***
Саат жылып, ылдамбы, же астабы,
Самасаң да келбейт өткөн баштагы.
Белес ашып жалт кылчайып карабайт,
Бир берилген алтын баштын жаш чагы.

Токтоно албай того-ташка урунуп,
Толгон айдай жайнап турчу сулуулук.
Мезгил менен менден учуп кетти го,
Же кичине карап койбой бурулуп…
9-август, 1996-жыл.

***
Толуп, кемип, тамак-ашың, баштыгың,
Бирок толбойт адамдыкта пастыгың.
Кайталанып бир кайрылып койсочу,
Кайран гана оттой жанган жаштыгым.

***
Куудай чачым, бетти тордоп жөргөмүш,
Алым ушул келип караң көрсөңүз.
Кенедей да жаштыгымдан белги жок,
Карылыктын салдары ал өлчөөсүз.