Ала-Бука районундагы №21 “Ширин” мектепке чейинки билим берүү уюму 2011-жылы Өрүктү айыл аймагынын айыл тургундарынын демилгеси менен ачылган. Бакчаны директор Турдуева Гүлүмкан Эшалыевна жетектейт. Жетекчинин негизги максаты айылдагы тарбиялануучуларды бакчага тартып, заманбап типтүү имаратта билим тарбия берип, көптөгөн ийгиликтерге жетишүү. Ал үчүн балдардын күлкүсү, кубанычы, бактылуулугу баарынан эң биринчи орунда турат.
2012-жылы “Сорос – Кыргызстан” фондусу тарабынан балдар ойноочу аянтча курулса, 2013-жылы “Мерсико” уюмунан эмеректер алынган. Ал эми ата-энелер бакчага килем, терезе пардаларды, оюнчуктарды алып берип, ар дайым жетекчинин ишин колдоп кубаттап турушат.
2016-жылы жаңы, типтүү бала бакчанын имаратын куруу боюнча долбоор даярдалып, 2018-жылы октябрь айында курулуш иши башталган. Курулуш иши аяктаганга чейин ата-энелердин кайрылуусу менен тарбиялануучуларга, убактылуу бош үйдү ремонттоп, окуу тарбиялык иштер жүргүзүлдү. Убактылуу үйдө имараттын тар экендигине карабай, жалпы эмгек жамаат жоопкерчилик менен балдарга билим тарбия берип келишти.
Өрүктү айыл аймагынын башчысы Рустам Кийикбаев бала бакчанын бүтүрүүгө жана наристелерди тез аранын ичинде жаңы бакчага чыгарууга чоң жардам берди. Жергиликтүү кеңештин колдоосу менен бир млн сомдук сапаттуу эмеректер, тендер аркылуу сатылып берилди.
Бакчанын курулуш иши Ала-Бука райондук өнүктүрүү фонду тарабынан эки этап менен жүргүзүлдү. Куруучу “Т.Ч.К.А.” фирмасынын жетекчиси Мавлянов Жаркынбек иш башталгандан тартып курулуш ишин токтоткон жок. Шифер, арматура, эшик, пол, кафелдерине чейин жогорку сапаттагы материалдарды пайдаланып бүтүрдү.
Бакчанын директору ата-энелер жана демөөрчүлөр менен сүйлөшүп жаңы төшөнчүлөрдү тиктиришти. Бала бакча ачылаарга жакын ата энелер эки жакты тазалоо иштерине да активдүү катышты. Ошондой эле ачылуу аземи өткөнгө чейин жакындан жардам беришти. Бала бакчанын эмгек жамааты күн-түн дебей иштешип, тайпаларда жасалгалоо иштерин бүтүрүштү. Орто-Токой, Чолок-Туума айылдарынын айыл башчысы И. Макамбаев ар дайым бала бакчанын көйгөйүн биринчи орунга коюп, бүтүрүүнүн үстүндө иштеп, чоң салымын кошту.
Бакчанын ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сатаров Нурбек Бейшеналиевич, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Баймуратов Атамырза Эргешович, Өрүктү айыл аймагынын башчысы Кийикбаев Рустам Нарпайович жана райондогу балдар бакчаларынын башчылары, аксакалдар, ата-энелер жана айыл тургундары катышып, салтанат жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Ошентип келген коноктор кичинекей наристелерге бактылуу балалык, татыктуу билим, бекем ден соолук каалашып, куттукташып, аталар ак батасын беришти. Азыр айыл элинин кубанычында чек жок, жалпы бакчанын курулушуна салымын кошкон тиешелүү инсандарга ыраазычылыктар азыр да айтылып жатат.
Бактыгүл АБЫЛКАСЫМ кызы,
№21 “Ширин” бала бакчасынын медайымы,
Ала-Бука району.