Домой Агартуу айдыңында Жаңы окуу жылына карата жаңылыктар

Жаңы окуу жылына карата жаңылыктар

16

2022-2023-окуу жылында республиканын мектептеринде кайсы класстар, кайсы нөөмөттө окуй тургандыгы такталды. Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы тараткан маалымат боюнча мектептерде 1-, 5-, 9- жана 11-класстардын окуучулары биринчи нөөмөттө окушат. Окуу тартибинин графиги «Кут билим» гезитине жарыяланган.
1-класстын окуучулары ар саатты 40 мүнөттөн окушса, 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар 45 мүнөттөн билим алышат.
Ал эми үй тапшырмаларын аткарууга карата сарпталуучу убакыт мындайча көрсөтүлгөн: 2-3-класстын окуучулары үй тапшырмага 1,5 саат, 4-5-класстардын окуучулары – 2 саат; 6-8-класстардын окуучулары – 2,5 саат; 9-11-класстардын окуучулары –3,5 саатка чейин убакыт коротууга тийиш.

***
Окуучулардын жыл ичиндеги каникулдары кандай болот
Быйыл окуу жылы 1-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт.
• күзгү каникул – 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрга чейин;
• кышкы каникул – 2022-жылдын 30-декабрынан 2023-жылдын 10-январына чейин;
• жазгы каникул – 2023-жылдын 20 – 29-марты.
Биринчи класстардын окуучулары үчүн каникул күндөрү III чейректе кошумча бир жумага узартылат.
Окуу процесси жүрүп жаткан кезде окуучуларды айыл чарба иштерине тартууга тыюу салынат.

***
Быйыл жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1-сентябрь — Билим күнү дем алышка туура келгендиктен, 2-сентябрда саат тогузда республиканын бардык мектептеринде салтанаттуу линейка болот жана Билим күнүнө карата сабактар өтүлөт. Ал эми 3-сентябрда ырааттамага ылайык сабактар кадимки тартипте өтүлө баштайт.
2019-2020-окуу жылына карата Базистик окуу план министрдин буйругунун негизинде бекитилген.

Мектепте билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты бекитилди

Мектепте билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты 2022-жылдын 22-июлунда өкмөттүн №393 токтому менен бекитилди. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Токтобүбү Ашымбаева билдирип, билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты этап-этабы менен ишке ашырыларын айтты. Учурда Билим берүү министрлиги мамлекеттик стандартты ишке ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыгууда.
Т. Ашымбаеванын айтымында, азыр колдонулуп жаткан билим берүү стандарты 2014-жылы кабыл алынган.
«Мектепте билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандартына ылайык, башталгыч класстарга дагы бир жаңы интеграцияланган «Мен жана дүйнө» предметин (мекен таануу, табият таануу, турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери, этика бириктирилет) киргизүү каралган. Мындан тышкары, документте жалпы орто билим берүүнүн бүтүрүүчүсүнүн модели сүрөттөлөт. Мектептин бүтүрүүчүсү пландоо, долбоорлоо, моделдөө, прогноздоо, изилдөө иштерин жүргүзүүнү үйрөнүп, ошондой эле мамлекеттик, расмий жана бир чет тилди кайсы бир деңгээлде билип чыгат.
Мектепте билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандартынын алкагында предметтик стандарттар, андан кийин окуу пландары, окуу-методикалык комплекстер жаңыланат. Бирок бул бир топ убакытты талап кылат. Ошондуктан жаңы окуу жылынан баштап бардык өзгөртүүлөр ишке кирбейт. Бирок кээ бир элементтер 2022-жылдын сентябрынан тарта пайда болот. Алсак, жаңы окуу жылынан баштап мектептеги 1-2-класстын окуучуларына сабактагы жетишкендиктери үчүн баа коюлбайт жана жогорку класска “Диндердин өнүгүү тарыхы” жаңы предмети кирет. Калган өзгөрүүлөр жол картасына жараша ишке ашырылат»,- деди Ашымбаева.

Жалал-Абад облусунда мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Август кеңешмесинде 2021-2022-окуу жылындагы облустун билим берүү тармагында аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди.
Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, облустук билим берүү усулдук борборунун башчысы Акылбек Токтосунов, район-шаар башчыларынын орун басарлары, мугалимдер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.
Облус башчысынын орун басары мугалимдерди алдыдагы жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ал ошондой эле өткөн окуу жылындагы бир катар ийгиликтер менен орун алган кемчиликтерге токтолду. Мамлекет тарабынан мугалимдердин айлык маянасын жогорулатуу менен алардын натыйжалуу жумуш аткаруусуна болгон талап да күчөтүлгөнүн белгиледи.
“Бул жылы Жалал-Абад облусу жалпы республикалык тесттирлөөнүн жыйынтыгы менен өлкө боюнча эң акыркы орунга илинди. Кайсыл район-шаарда же мектептеги билим берүүнүн сапатын, андагы окуучулардын алган жетишкендиктеринде деп айтууга болот. Демек бул көрүнүш облусубузда тармактын өнүгүүсүндөгү жасалуучу жумуштар арбын экенин ачыктады. Жаңы окуу жылынын башталышында сиздерге кайрыларым, билим сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруңуздар. Бул сиздердин, биздин аткарып жаткан жумушубуздун жыйынтыгы катары бааланарын унутпаңыздар. Ар бир бала менен иштөө, анын жөндөмүн ачуу кесипкөй мугалимдин колунда”,- деди Эркинбек Маматаев.
Август кеңешмесинде өткөн окуу жылында ийгилик жараткан бир катар билим берүү бөлүмдөрү жана мугалимдер ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Ардак грамоталары менен сыйланды.
Жалал-Абад облусунда 482 жалпы билим берүүчү мектеп бар. Анын 468и мамлекеттик, 14ү жеке менчик. Аларда жалпы 251 миңден ашуун окуучу билим алат. Мектептерде 16 миң 261 мугалим эмгектенет.