Домой Без рубрики Жаңы сайт — жаңы кадам

Жаңы сайт — жаңы кадам

15

baian.kg Жалал-Абад областында мына ушундай аталыштагы жаңы сайт иштей баштады. Аны «Супермедиа Жалал-Абад» коомдук бирикмеси уюштурду. Коомдук бирикме Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн. Ушул жылдын июнь айынын башындан тарта аталган сайт интернет желесине киргизилди. Анда турмушубузда болуп жаткан түмөн-түркүн окуялардан иргелип алынган маалыматтар, кабарлар, окуялар, фактылар, журналисттик иликтөөлөр, аналитиалык материалдар, ар түрдүү маалыматтар, адабий чыгармалар, кулактандыруулар, жарнамалар ж.б. жарыяланып, айтор ММКна тиешелүү бардык иштер аткарылат. Кайсы бир тараптын, кайсы бир партиянын, бийликтин же оппозициянын таламын талашпай, болуп жаткан иштерди так, көбүртүп-жабыртпай нукура турушунда, аргументтер жана фактыларга негизденип баяндап берүү — биздин максат. Ойлор, пландар көп, аткарыла турган иштер да аз эмес, андыктан бардык калем кармаган
замандаштарыбызды, кесиптеш журналисттерди, активдүү жарандарды, коомдук бирикмелер менен уюмдарды, бийлик өкүлдөрүн, мекеме-ишканалардын тиешелүү кызматтарын бирге иштешүүгө чакырабыз. Азырынча ушул, калганын турмуш, убакыт көрсөтөт. Эмесе, биздин сайтка кош келиңиздер!