Камалдинди боз улан курагынан билет элем, адепки ырларын окугам. Экөөбүз студент кезден ээрчише жүрүп, Ак-Буура бойлоп, Сулайман тоого жамбаштап далай ыр окушканбыз. Кийин ар тарапта кеттик, ар башка тагдыр күттүк. Анын мүнөзү мага дайын, өзүнүн ырларына да, өмүрүнө да, жеке турмушуна да ушунчалык жеңил караган адам болоруна мен ушул Камалдинди көрүп ишенгем. Өзү бир ырында «Көп жүрдүм сезимдердин жетегинде» деп таамай айткандай, бу Камалдин деле жетилбей, дегеле токтолбой койду. Анткени менен бир окусаң ошол окуган жериңе калтырбай, аяр чогултуп туруп, көөдөнүңө куюп алгыңды келтирген ырлар Камалдинде көп. Анын ырларын окуган киши ага өзү да күбө болор. Бир гана айтарыбыз, ошондой ырларды жараткан Камалдиндин «көкүрөгүндө көгүлтүр оту», аёолуу жүрөгү, назик сезими бар эле. Ал сезим азыркы биздин таш боор турмушка чабылып, кыйналып-кысталып, өз ордун таппай калды. Атаганат, ушу Камалдинге окшогон таланттарды камап бага турган жай болсо, бардык шартын түзүп, эми мынча чыгарма бересиң деп кыстап турса, канча ыр, канча сүрөт, канча обон жаралат эле?!.
…Бейиши болгур, бир келип бир топ ырларын таштап кеткен, ошондон кийин кайра келип эле ырларын сурады. “Турат ырларың, китеп чыгарам дегениңден, басмага даярдап койгом”,- десем, аябай сүйүндү. Көрсө, ал кол жазмасын сактай турсун деп эле мага калтырган окшойт, менин компьютерге салып, басууга даярдап, анча-мынча калем тийгизип, редакциялап, грамматикалык сабатын көтөрүп койгонумду көрүп (Камалдин биолог эле), абдан ыраазы болду. Анан кол жазмаларын алып, ырларын дискке жаздырып алып кеткен. Ошондон бир топ жыл өтүп дагы келди, бул саам: “Саке, менде баягы диск да, кол жазма да жок, бүт жоголгон. Менин ырларым бир гана сенде калды, жогото көрбө…”,- деп суранат. — Кайда жоголмок эле, мына ырларың…”,- деп кайра көчүрүп бердим. Ошол бойдон Камалдинди көргөнүм жок, көрсө, о дүйнө салып кетиптир. Мен аны кеч, абдан эле кеч, кокусунан бирөөлөрдөн угуп калдым… Уктум да, кайран жигит, кайран акын, көкүрөгүнө ыр түнөткөн кайран Камалдин деп астейдил жашып алдым…
Кийин 2012-жылы анын “Мекеним тоолор тагылдыр” деген китепчесин 200 даана кылып эптеп чыгарып, бир тобун Шакафтардагы мурдагы үй-бүлөсүнө, бала-чакасына, көбүрөгүн Бек-Жар айылындагы туугандарына берип жибергем, китебинин атын Камалдин өзү койгон, анан да мен колумдагы ырларды гана чыгаргам, жакындарында, үйүндө, же башка жакшы санаалаштарында анын бөлөк ырлары да калышы мүмкүн. Бул эми Камалдиндин чыгармалары чачылып, жоголуп кетпей, бир топтомдо турсун деген эле кеп болчу. Калганын эли-журту, ага-туугандары, бала-чакасы бар, дагы көбөйтүшүп алышар деп ойлогом.
(Бул баян “Мекеним тоолор тагылдыр” деген китепчеге өзүм жазган баш сөздүн негизинде жазылды).
Тартат мени туулуп-өскөн айылым
Ачып таштап тереземдин шарт баарын,
Тиктейм шаардын мунарыктуу асманын.
Айлым сага кетким келет көргөндө,
Жалбырагын дарак күүп жатканын.
Таза, тунук менин бала кезимдей,
Сенде турмуш шаңдуу өтөт сезилбей.
Балыр баскан өзөнүңдүн ирими,
Сагынычтан жашылданган көзүмдөй.
Жел жүгүрсө тоодон ылдый сыбызгып,
Эгин бышкан талаа толкуйт жыбылжып.
Жөргөмүштүн желесине чагылып,
Миң түрлөнөт күндүн нуру кубулжуп.
Караңгылык коюуланып кеч кирет,
Тоо ал чакта жылып келет берилеп.
Чоочуп таңда короздордун үнүнөн,
Жардуу дөңдөр кайра аркага чегинет.
Кооздугу кечи менен таңынын,
Байкалгансыйт кагышынан тамырдын.
Күн түбөлүк жерди өзүнө тарткандай,
Тартат мени туулуп өскөн айылым.
Тоо дайрасы
Албууттанат арыстандай күрүлдөп,
Окторулуп, чамгарактайт иримдеп.
Таш түбүнө коргологон балыктар,
Коркконунан калч-калч этет дирилдеп.
Коё берген жаз ноктосун шыпырып,
Буура болуп көбүк чачат кутуруп.
Сургулт түстүү ажыдардай сүр менен,
Капчыгайдан чыга келет суурулуп.
Түбүн үңүп, жар кемерин карактап,
Күлдүрөтө таш агызып баратат.
Албуут үнү капчыгайды жаңыртып,
Тоонун ичи цех өңдөнөт шарактап.
Умтулгандай көз чендебес, тереңге,
Азоо аттай чаап жөнөп төмөнгө –
Көөшүй түшүп жиниккенде басылат,
Түз тарапта азайгансып көрөңгө…
Айыл түнү
Жардуу бийик дөңсөөлөр кеч күүгүмдө,
Жылып келет алкак өңдүү куушуруп.
Жылтылдашат көлчүктөр саз үстүндө,
Сүтак муңдуу ырын баштайт буулугуп.
Жээгиндеги бүлдүркөндү жалмалап,
Аккан өзөн күмүш тасма өңдөнөт.
Ай нуруна талааларды саймалап,
Кетип барат кыйгачтана дөңгөлөп.
Топ жылкылар тандабастан жолдорду,
Жыбыт ылдый жылып келет күтүрөп.
Түшүн бузуп уйкудагы тоолордун,
Долонолуу бийик беттен ит үрөт.
Уккан кооптуу уламышты жаш кезде,
Түртүп бери түпкүрүнөн көңүлдүн –
Көгүш жашыл нур чыгарып аңгектен,
Күйөт сөөгү жардан учкан өгүздүн.
Айыл көөшүйт тоого башын жөлөнүп,
Канатына каткан куштай тумшугун.
Эс алууда дыйкан – айылдаштарым,
Улантууга эртеңки чоң турмушту…
Тоолор – устат
Кыйкырыкты кайталашып жаңырган,
Тоолор – найза, көктү көзөп сайылган.
Даай албай келбетине солк этпес,
Айгай салып кайып өтөт чагылган.
Баатырлардай сүрдүү карайт аскалар,
Капчыгайлар – тээ байыркы капкалар.
Ат ойнотуп удургуган сансыз кол –
Атырылып агып чыккан дайралар.
Тереңинен суулар жылжып агылган,
Жаркырашып күн нуруна чагылган.
Мөңгүлөрү – көөнөрбөгөн үмүттөр.
Тазалыкка, бийиктикке чакырган.
Тоолор – устат, тоолуктарга үйрөтчү,
Солк этпеген эр көкүрөк мүнөздү.
Тоону тиктеп торолушкан уландар,
Сүрү болот мекенимдин күнөстүү!..
Оо, адам, болбо күнөөлүү
Оо, адам, болбо күнөөлүү,
Жүрөккө түшөт кара так.
Басынтып ички дүйнөңү
Болосуң коркок, жалтанчаак.
Намысың кетип колуңан,
Шылкыйып жүзүң карарат.
Кездешип сенин жолуңан,
Көралбас өтөт табалап.
Калп кейип көңүл жубатып,
Досторуң басып келишет.
Татыктуу урмат, сый калып,
Туш-тушка тарап кетишет.
Бир кезде арзып сүйгөнүң,
Муңаят көзү жаштала.
Анан ал ойноок жүрөгүн,
Тез эле арнайт башкага.
Батса да катуу кейишке,
Уулуна жуутпай күнөөнү.
Кечирет жалгыз кечирсе,
Эненин гана жүрөгү.
Ким жүрсө сактап дилине,
Унутпай такыр энени.
Батырбайт аны кейишке.
Кетирбейт эч бир күнөөнү!
Жаңырык
Кулак угуп, көрүнбөгөн көзүмө,
Кээде акырын, кээде ачуу чаңырып –
Көп нерсени туюнтуп бул өмүрдө,
Мени дайым коштоп келет жаңырык.
Сүйгөн дабыш маңдайымды тазалап,
Ичи-тышы калган өңдүү жаңырып.
Тайсалдабай түндү жиреп баса алам,
Алоолонгон максат алга чакырып.
Бала кезде жарга барып кыйкырсак,
Жаңыруучу коштоп биздин үндөрдү.
Эми ошол үн жүрөгүмдө шыңгырап,
Эске салат аруу таза дүйнөнү.
Шылдыраса тууган жердин суулары,
Теректери желге эркелеп шуулдап –
Жүрөгүмө кубат болот ал дагы,
Көңүл сергийт, санаа качып буулган.
Эңсөө жеңип кээде жалгыз жүргөндө,
Жаңырыктап сүйлөгөнү, күлгөнү –
Элес болуп жылып келет көзүмө,
Тааныштардын жакшынакай жүздөрү.
…Бир күн көрүп жер эшигин ачканын,
Кирип кетсем эч бир жанга көрүнбөй.
Жаңырыктап калсын жакшы жактарым,
Жамандыгым кетсин сөөктөн бөлүнбөй!..
Фергана өрөөнү
Асыл өрөөн, жашыл өрөөн Фергана,
Бышкан эгин, таттуу коон жыттанып.
Жаткансыйсың толкуп-ташпай жөн гана,
Мелмилдеген деңиз өңдүү тынчтанып,
Бышкан эгин, таттуу коон жыттанып.
Кылымдарга аңыз болуп айтылган,
Сен, Фергана, Орто Азия – бермети.
Жазда жашыл килем болуп жайылган,
Суктандырат тоо-түзүңдүн келбети,
Сен, Фергана, Орто Азия – бермети.
Хан, падыша бийлик кылган заманда,
Сен тарткансың кооздугуңдун азабын.
Талап-тоноп айырбаштап алтынга,
Саткан алар кыргызымдын жаңгагын.
Сен тарткансың кооздугуңдун азабын.
Жаркыраган эркиндиктин таңында,
Өзгөрдүң да, балбан дыйкан колдордон.
Талааларың айланып ак пахтага,
Эгин өскөн тилке менен тордолгон,
Сен өзгөрдүң балбан дыйкан колдордон.
Адырыңда коон тилип сунушту,
Чаар топу туугандарым – өзүбек.
Макташпастан үн чыгарбай турушту,
«Биздин ишти коон даамынан билсин»,- деп,
Чаар топу туугандарым – өзүбек.
Бул дыйкан эл мейман болуп келишсе,
Тоолорума салабаттуу, ардактуу.
Кымыз сунуп кыргыздык ак пейилде,
Тартуу кылам асыл мөмө жаңгакты.
Мейман болуп келсе тоомо ардактуу.
Эх! Фергана, асыл өрөөн Фергана,
Эмгек кайнап адырыңда, түзүңдө.
Жүрөгүмдө сакталмаксың сен гана,
Бышыкчылык толгон бойдон жүзүңдө.
Эмгек кайнап, адырыңда-түзүңдө.
Ала-Бука жергеси
Калган эле эмгектеги чыйырым,
Тамган эле киндик каны уулумун.
Тузу тартып имерилип келдим да,
Ала-Бука жергесинде турумун.
Талаалары кеңирсиген жайылган,
Теректери түпсүз көккө сайылган.
Жумшак жөлөп мүдүрүлүп каларда,
Мени узатып койгон эле Айры-Там.
Бара жатып Орток-Белдин жолунда,
Нелер келип, не кетпеди оюма –
Зээним кейийт жаштыгымды, бактымды,
Жоготконго бек кармабай колума.
Жүздү чайкап Ала-Бука суусуна,
Көз жиберип Соломонун тушуна –
Чаткал беттеп зымырылып бараткан.
Суктандым-ов, тоонун туйгун кушуна!
Чыктым дагы суналыңкы сур жонго,
Таазим эттим эски нуктуу бул жолго:
«Бир кезекте аса-муса карманып,
Ушул жерден өткөн».- дешкен Нурмолдо.
Бар өзүнчө сырдуу, сүрдүү тарыхы,
Дөңдөн ары жапма болуп жарымы.
Шаарчага окшоп барып окшобой,
Жаткан экен Ала-Бука айылы.
Тайлак өңдүү көз тайгылткан үртүкчөн,
Же жигиттей гүл кармаган, кыз күткөн.
Кооз, көркөм, берекелүү жерсиң сен,
Алла таалам сүйүп өзү – кут түшкөн.
Калкың сенин кең пейилдүү, эмгекчил,
Сулуулар көп элестеткен берметти.
Эли-журтуң аман болсун ар дайым,
Касиеттүү Алабука жергеси!
…Калган эле эмгектеги чыйырым,
Тамган эле киндик каны уулумун.
Тузу тартып имерилип келдим да,
Ала-Бука жергесинде турумун…
Уулдуу болгондогу ыр
Наристебиз кандай болот, ким болот?
Күндөр өттү апкаарыткан кызыктуу.
Турам бүгүн төрөт үйдүн алдында,
«Ата» деген атка конуп сыймыктуу.
Халатындай аппак таза пейилдүү,
-Уул!,- деди чыга келип сестра.
Бак-дарактар коштоп кетти «Уул!» деп,
«Уул!» деди бүт теребел жаңыра.
Карбаластап сүрдөп жана калтаарып,
Мен тепкичке араң кадам таштадым –
Сезип турдум: жигиттиктен аталык
Деген чекке өтүп бара жатамын.
А сен болсо уялыңкы акырын,
Айткансыдың тикте-еп туруп көзүмө:
«Сүйөрүмө ишендиңби акыры,
Көрчү уулуң кандай окшош өзүңө…».
Ымыркайдын жүзүн тиктеп капылет,
Бир жылуу от каптап өтүп сезимди –
Жыйырма беш жыл мурда жаңы төрөлгөн,
Көрүп турдум мен наристе өзүмдү.
Кеттим анан төрөт үйдөн алыстап,
Коштоп барат катар өскөн дарактар:
Кайра баштайт аруулукка жакындайт,
Наристелүү болсун бардык адамдар!
Апакеме
Түн бою борошолоп буюктурган,
Суук шамал токтоду. Кар басылды.
Буурул таң атып келет чыгыш жактан,
Эстетип апа буурул чачтарыңды.
Ак жоолук салынышкан дарактар да,
Турушат жол четинде бүкчүйүшүп.
Сагыныч из салдырып аппак карга,
Апаке, чыктың бекен мени күтүп?
Кусалык көөдөнүмдө жанып-күйдү,
Өзүңдү эстеп турам мен да бүгүн.
Аппак кар чүмкөп калып биздин үйдү,
Морунан сызды бекен көгүш түтүн.
Узак жол ортобузду биздин бөлгөн,
Арада сыр катышкан белестер көп.
Жаралган жүз миңдеген түйшүктөрдөн,
Жүзүңдүн бырыштарын элестетет.
Айланып бүт тулкусу ак шалыга,
Каткырып шамал жулкса этек-жеңин.
«Куу чирен жүрө бербей маңдайымда,
Капкайда алыска иштеп кетти»,- дебең.
Жаңыртып ай-ааламды каткырыгы,
Бүгүнчө куюн ойнойт белестерде.
Көөдөндө куюн болгон сагыныч бу,
Жакында айдап барат мени сизге!..
Жерге кеткен тамырымды туямын
Эске салдым бала кезги күндөрдү,
Тууган жердин кыйырына мен келип.
Эспарцеттин мала кызыл гүлдөрү,
Турду кечки толкундардай термелип.
Капталынан сызып чыгып жондордун,
Шыңкылдашып тосту булак суулары.
Көкүрөккө ала коюп колдорун,
Чуркурашып «салам айтты» суулары.
Дарак шуулдайт, бутактары сунулуп,
Жер жөнүндө уламышты угамын.
Таманымдан өтүп мага жылуулук,
Жерге кеткен тамырымды туямын.
Шоокум салып тууган жердин камышы.
Куштар учса канаттары дирилдей.
Мекен деген ыйык сөздүн мааниси,
Көөдөнүмө агып кирди билинбей.
Келгин куштар
Күз келип турган кезде кунары учуп,
Жөнөшөт сап-сап болуп тизилишип.
Баш ийип табияттын буйругуна,
Аргасыз жер которуу – инстинкт.
Учушат узак жолдо күндөп-түндөп,
Багытын таап барат жылдыз тиктеп.
Кыйырсыз деңиздерди кесип өтөт,
Чаалыккан канаттарын араң шилтеп.
Сапарда сан тоскоолго урунушат,
Ашууда бороондорго буюгушат.
Чаалыккан чабалдары жолдо калып,
Катары, катмарлары суюлушат.
Кабарлап жашыл жазды кайра келет,
Түз жытын, деңиз жытын ала келет.
Көтөрүп көп түйшүктү жүрөктөрү,
Кадимки биздикиндей кага берет.
Күз
Бир калыпта булак шылдырап,
Ээндикте назик шыбыргак.
Муңдуу обон созуп сары күз,
Ойго баткан талаа тунжурап.
Дөңсөөлөрдү каптап мунарык,
Кабак бүркөйт асман сурданып.
Шуудурашат сансыз жалбырак,
Сагынычтуу шоокум чыгарып.
Суук шамалдан таңда, кечинде,
Муз байлашып жука четине.
Жылдыз чөккөн тунук көлмөлөр,
Суз карашат асман бетине.
Бүт теребел жымжырт мемиреп,
Жел желпилдеп жондо жээлигет.
Ак мөңгүлүү тоодон аста-аста,
Кыш ылдыйлап келет берилеп.
Кышкы таң
Жатса дагы аппак карга оронуп,
Калган өңдүү суук ызгаардан чыйрыгып.
Адыр-белдер чукуруна ойгонуп,
Акырындап кеңип барат жыйрылып.
Асман таңдын суйдаң агыш фонунда,
Бүлбүлдөтөт эң акыркы жылдызын.
Кетип барат түлкү адырдын жолунда,
Сүйрөп алып чубалжыган куйругун.
Мышык
Устуну чирип кыйшайган,
Эски үйдө айыл четинде.
Түбүндө мештин уктаган,
Эш болчу ак чач кемпирге.
Түн бою тынбай жаады кар,
Таң атты буурул, тумандуу.
Меш калды муздап жагылбай,
Бул таңда кемпир турбады…
Издерге толуп саймалуу,
Аппак кар баскан жер үстү.
Адамдар дүрбөп… кайдадыр,
Кемпирди алып кетишти.
Эски там ээн аңгырап,
Ээсинен үзбөй үмүттү –
Бүрүшүп бурчта жалдырап,
Үч күнү жылбай ал күттү.
Кайрылып ээси келген жок,
Кечинде чыгып чатырга –
Түн бою муңдуу мыёолоп,
Арманын айтты шамалга.
Каргыл үн таңда угулду:
-Башыңды жегир шумдуктуу,
Ай, балдар, жаагын жапкыла,
Түн бою уйку бузулду…
Топ балдар уруп таш менен,
Айдашты дароо чатырдан.
Кутулуп кууган иттерден,
Жыйылган чөпкө жашынган.
Көп издеп ээсин пейли кең,
Көргөндө башка адамды
жылт коюп, түндө издеп жем,
«Жапайы мышык» аталды.
«Ууру» деп анан табышты,
-Балдарга жара-чаканы
Жугузат, — дешти. Атышты!
Тездиги араң сактады.
Зым тузак түшүп мойнуна,
Бир кечте капыс кармалды.
«Күрс» этти таяк жонуна,
Жер көчүп башы айланды.
Асмандан ак ай көрүндү,
Жел жүрүп тоодон бу чакта –
Асылган мышык өлүгү,
Термелип турду шамалга…
СЕЗИМДИН ЖЕТЕГИНДЕГИ ЫРЛАР
Кайдасың?
Нур толгон көздөр көзгө чагылганда,
Күркүрөп сүйүү акчу тамырларда.
Мен дале мас өңдөнүп басып келем,
Чачыңдын жыты калып каңылжарда.
Бактымды көздөрүңдөн бажырайган
көрчүмүн,
билбейм кантип ажырагам?
Төгүлүп ууртуңдан күн мээрими,
Сагындым келбетиңди жадыраган.
Жаш чайып азыр менин карегимди,
Ар кимден сурап келем дарегиңди.
Боз инген болуп сени боздоп издейм,
Кайдасың жан дүйнөмдүн табериги?..
Аздегим
Каркыралар кыйкуулашып өткөндүр,
Даңазалап делөөрүткөн жаз демин.
Сагынычым балким сага жеткендир,
Кара көздүү менин сүйкүм аздегим.
Кызгалдагы алоолонгон кыраңдан,
Кайра менин булгаланса калпагым.
Көйнөк кийип жашыл майса ыраңдан,
Жолугууга келесиңби ардагым.
Жок! Бул үмүт жалкы түшкөн тагдырга,
Наалыш айтып алакчылоо өзүмдү.
Мен сызылып сүйөм сени алыста,
Жеңим менен сүртүп коюп көзүмдү.
Булут басып күндүн аба ырайын,
Жаркытууга чаркылдаса чагылган.
Элесиңди көрө берем муңайым,
Жамгыр жууган терезеңдин артынан.
-Түк көнө албай ала качкан турмушка,
Мажбур жашап жүрөт,- дешсе кусадар.
Гүлгө жетпей тепчилишкен булутка,
Күн нурундай күйөт менде ызалар.
Элесиң эч чыкпай жүрүп жадымдан,
Байкуш башым бир күн чымды жазданар.
Сага болгон сүйүүм өтүп канымдан,
Сөөгүмдө кылымдарга сакталар.
К.га
Өрттөнүп сүйүү өртүнө денем,
Оор ойго далай баткамын.
Көңүлүм калып көп жолу сенден,
Тоолорго кетип калгамын.
Тиктесем бийик тоо башын, ала
булуттар чүмкөп алышкан,
эсиме түшүп сен жаным, кайра
жүрөгүм сыздайт камыккан.
Удургуп сары санаалар эзип,
Чөгөрдү муңга көңүлдү.
Буулуккан буктуу шамалдай кезип,
Өткөрдүм жалгыз өмүрдү.
Мүнөзүн кийин үйрөндүм, билдим
Солк этпес бийик асканын.
Өчүрдүм бүткүл жан дүйнөм, дилден,
Өткөндүн жаман жактарын.
Тоо, токой, тунук булактар мага,
Беришти таза сезимди.
Жапжашыл оттуу куракта кайра,
Издөөгө жөнөйм өзүңдү.
* * *
К.га
Аары зың-ң деп жанып өтүп кулактан,
Чегирткенин чырылдагы жаңырды.
Жаз толукшуп бойго жеткен убакта,
Жүрөгүмдөн эңсеп сени сагындым.
Айтамын деп бир кезекте жолугуп,
Сөз жыйнадым тоодо, тоонун гүлүндөй.
Ой-санаамдын баары сага тоорулуп,
Жашап келем дале сенден түңүлбөй.
Эринимди кесе тиштеп сыр айтпай,
Башкалардай эмгектенип жүрөмүн.
Бир айрымам мен алардан азыраак,
Санаа тартып муңайыңкы күлөмүн…
Сага
К.га
Бир дүрт этип өчүп калган делебе,
Жанбас эми бөлөк-бөтөн күлкүдөн.
Мен сүйүүмдү катып салып тереңге,
Кол үзөм да сага болгон үмүттөн.
Кетем анан көп жыл бою көрүнбөй,
Санаалардын кучагына жутулуп.
Сен элесиң жүрөгүмдөн бөлүнбөй,
Калбасыңды билесиңби унтулуп?
Түн күзөтүп шам чырактын алдында,
Олтурганда санаа чегип ой менен.
Чыгарыңды билем сенин турмушка,
Ак кийинип, ак пейилдүү той менен.
Өзгөртпөстөн сен жактырбас мүнөздү,
Жарашыктуу эч ким болбойт жандаган –
Кыял менен теше тиктеп дүйнөнү,
Бойдок бойдон чуркап өтөм алдыңан!..
Бирок ички жоготуунун айынан,
Сезимимде кыян жүрөт, сел жүрөт.
Эссиз жүрөк булка берип кабынан,
Ошондо да тынчыбастай сезилет.
Бакыт каалап жашап келем өзүңө
К.га
Көкүрөктү жарып чыккан сүйүүдөн,
Жапаа чегип мен артыңдан жүгүргөм.
Сарсанаадан көздүн агы саргайып,
Жүрөк калды туш-тушунан тилинген.
Тонолду да максатымдын жарымы,
Күүгүмдөдү жаштыгымдын жарыгы.
Терип-тепчип сага жыйган чоң сүйүүм,
Көкүрөктөн көчүрүлүп алынды.
Жалындаган оттуу курак кезимде,
Элес болуп токтоп калган көзүмдө.
Түндү түрүп кыйкырыгы жүрөктүн,
Алоолонуп согуш жүргөн сезимде.
Сен ой болуп көөдөнүмдөн түшпөгөн.
Сүйүү болдуң чубалжыган, бүтпөгөн,
Сенсиз өмүр караңгы түн өңдөнүп,
Жүрөгүмдө жүрдү жалаң дүрбөлөң.
Бул дүйнөнүн бир чегине, бурчуна,
Кетсем дагы болбой такыр унтууга –
Бакыт каалап жашап келем өзүңө,
Күзбү, жазбы бардык-бардык учурда…
ТҮГӨЙСҮЗ КАРА КУНАС
Мекен кылган жашыл жылма бакалар,
Шалы эгилген көгүш көлмө эсимде.
Экөөбүздү көрбөсүн деп башкалар,
Олтурганбыз жекен баскан жээгинде.
Көзүңдөн өөп айттым сага бир кезде:
-Сагындым мен.
-Аныңызды түшүнөм…
Кийинчерээк шиш тумшуктуу чиркейлер,
Мени дагы сайып жатты үстүмдөн.
Ажырабай оттой ысык илептер,
Кыңкыстаган назик үнүң угулат.
Дөңсөө жактан сарыккан суу билектей,
Балыр баскан кууш көлмөгө куюлат.
Кучакташып олтурганбыз биз анан,
Салкын согуп, сагынышкан жүрөктөр.
Көздү туюп дал желкеме кадалган,
Капилеттен бүткөн буюм дүр-р эткен.
Жалт бурулуп, жал топурак кыргактан,
Таякка илген тебетейди көргөмүн.
Айбаттуу бир шоокум чыгып шуулдаган,
Ал тебетей көтөрүлүп кетти эми.
А, сен болсо бек кучактап мойнуман,
Баш көтөрбөй кыткылыктап күлөсүң.
— Кызыккандан келген тура, чочубаң,
Ал бир байкуш кара кунас түгөйсүз.
Былтыр жазда өтүп бир топ кунастар,
Мында калып, уялашкан экөбү.
Быйыл жалгыз ыйлап жүрөт тыңшасаң,
Үн боюнча ажыратсам – эркеги.
…Кеттим эле. Сентябрда суук кабар
Жетти мага:
-Автокырсык… Келе көр?!.
Онтоп жатты санаа баскан талаалар,
Салбырашат сары кийген теректер…
Кайра баштан ойлой берем бүт баарын,
Эркетайым чыкпайсың эч эсимден.
Ай талаада ыйлап жүргөн муңканып,
Шотурайган кара кунас ошо мен!..
Дагы эле
Жарымы болуп жанымдын,
Жылуусу окшоп канымдын.
Өзүң деп туйлап турчу эле,
Денемде бүткүл тамырым.
Бактысыз белем чын сүйүү,
Уурдатып сенин күлкүңү.
Убайым тартып санаадан,
Унчукпай калдым күнү-түнү.
Күйүттөн күндө күйөмүн,
Жүрөгүм сыздап жүрөмүн.
Далай жыл агып өтсө да,
Дагы эле сени сүйөмүн…
Дардизарлик
Дайрада суулар ташып күкүктөдү,
Дарак-тал бүчүр байлап күчүктөдү.
Делбиреп этек-жеңиң шамалга агып,
Делөөрүп жүрөсүңбү күтүп мени.
Далдаалап көз жашыңды алаканың,
Дайынсыз кеткен эле… Дале… Дагын…
Дареги билинген жок дегендирсиң,
Дыбырын тыңшап жүрүп жамгырлардын.
Даалдаган даргөйүмдү түшүнбөдүң.
Дамаамат дилиме так түшүргөнсүң.
Дардизар абалдамын. Дыккатым жок.
Дабаасыз болуп сага ичиркенүүм.
Дат басып таза, тунук тилегимди,
Дарт чалып дымагы зор жүрөгүмдү.
Дел болуп табышмагын жандыра албайм,
Дембе-дем айтчу элең го сүйөрүңдү.
Дилдеши болгон дешет башка жандын,
Дидарың эске түшсө заарканамын.
Дарткем!- деп жүрөгүмдү агартса да,
Данакер болчу далил таба албадым.
Дүңгүрөйт чагылганын аткан асман,
Дуулдап бетим ысыйт маскарадан.
Дүң болбой ырашкердүү жашабадык,
Дармансыз белек же биз башкалардан?..
Дал болуп дардестиктен деси кайтып,
Дирилдеп арман, датын шамалга айтып.
«Дагы эле дегдөө менен күтөт» – дешти,
Дүргүгөн бакыт кушу конбойт кайтып…
Бир армандуу сүйүү жөнүндө үч баян
1
Дүр-р эттирип денеми,
баш жагында көчөнүн
келатыпсың,
мен эми,
кантип жандап өтөмүн?..
Эки жагым аскадай,
Бийик үйлөр тирелген.
Кайда, кантип качам-ай,
Же жылчык жок кирерге.
Барган сайын жакындап,
Чеке, баштан тер кетип –
Жүрөк согот лакылдап,
Жер жаткансыйт терметип.
Ички бир үн кыйкырат:
«Сыр бербегин сыртыңан!..»
Колу-бутум чымырап,
Бет дуулдайт ысыган.
Мен ошентип баратып,
Карай салсам капталга –
Үй түбүндө жайгашкан,
Ачык турат аптека.
Качып кирип көпкөче,
Мен ошондо тургамын –
Сен алыстап кеткен соң,
Анан сыртка чыккамын.
2
Кар жаап жатат лапылдап,
Бубак учат дарактан.
Келем сага жакындап,
Окуу жайга бараткан.
Жеттим мына артыңдан:
-Токтой турчу бир мүнөт…
Жоолугуңда, чачыңда,
Кар бүртүгү үлбүрөйт.
Кардай аппак жүзүңдө,
Көзүң сенин капкара.
-Эмне керек бу сизге?
Күлүп койдуң кашкая.
-А, мен сага бирдеме…
Андан ары күймөлө.
Ыр жазылган дептерди,
Сундум сага үндөбөй.
Суроо салдың:
-Бул эмне?
-Жүрөгүмдүн белеги…
Жазган элем дептерге,
Алып койгун сен эми.
Ой-боюңа койбостон,
Салып койдум сумкаңа.
…Бир аз узап баратып,
Карап койдуң кылчая…
3
Эки жүз он номери,
Сен жашаган бөлмөнүн.
Окудуңбу дептерди,
Көптөн бери келбедим.
Бүгүн жетип каалгаңа,
Эки-үч жолу каккылап –
Издегендей жан арга,
Элеңдеймин калтырап.
О-о, бул жерде тургандан,
Чочуп түрдүү сезимден –
Каршы туруп толкунга,
Сүзгөн оңой деңизден.
Эшик шарак ачылып,
Ток урганга окшоду –
Көздөр-көзгө чагылып,
Жана түштү оттору.
Ала качып көзүмдү,
Эриндерим дирилдейт.
Таппай айтар сөзүмдү,
Ойлор качып бириндейт.
Кайраттанып калп эле,
Жасаймын да үнүмдү.
Сөз айталбай кайта эле,
Тиктейм сенин жүзүңдү.
Мен ошентип турганда,
Өзүң сөздү баштадың.
-Болбоң бекер убара,
Мен бактысы башканын…
Кетип бара жатамын,
Кең көчөдө шылкыйып.
Булкуп-булкуп көөдөңдө,
Жүрөк байкуш кыйкырып.
Ошол кечте саа берген,
Ырларды бүт өрттөдүм…
…Жарым түндө буфеттен,
Таап кеткен досторум.
Качуу
(Жаштыгында жаңылып-жазып, кийин кайра
биринчи аялын көздөй качкан кишинин кербези)
Билчүсүң кандайча жатышты,
Жан элең наздуу да акыштуу.
Мелтейген мерезге туш келип,
Тагдырым далай жыл чатышты.
Өзүңдөн ажырап калганга,
Өзөгүм өрттөнүп ачышты.
Түк жетпес адамдык кадырга,
Бир дөңгөч жатса да жанымда –
Бурактай буралган асылым,
Сен дайым жашадың жадымда.
Мээри жок, мупмуздак нерсе экен,
Миң ирет жалынгын, жалынба…
Эч лаззат таппадым төшөктөн.
Кол үзүп бул муздак мерезден,
Капастан кутулган куш болуп,
Өзүңө жөнөймүн берекем.
Үйдөн жуп чыгарда мен буга,
Мындайча мазмунда кат берем:
-Кош эми, сезимсиз ноголом,
Үй сендик, отур, жат, тоголон…
Кырс мерген күтө албай качырган,
Тайгандай байкоосуз жоголом.
Башынан томого алынган,
Шумкардай ээн-эркин оболойм…
Кош эми, сезимсиз ноголом!..
Кыйла жыл сүйүүсүз, кумарсыз,
Жансерек жашадым кунарсыз.
Жабыгып жайдары жан дүйнөм,
Адамга айландым бир алсыз.
Өзүңө баратам. Билбеймин:
Күтөрсүң, тосорсуң, кубарсың…
Мендеги жан дүйнө кылдарын,
Кандайча ойготуу сырларын
Сен гана билчүсүң. Күүгө сал,
Шолоктоп төшүңдө ыйлайын…
Мен деген мээримиң чыйралтып,
Жашоого жаңырып чыгайын!..
Бир алкаштын монологу
Жаным, сени башкалар ала качканда.
Айлан-көчөк атып жер эмес, асман да…
Кайберендей ок тийген жатсам запкы жеп,
Хрусталдай «шыңк» этип арак айтты кеп:
— Көтөр башты, жаш жигит! Жатпа шылкыйып,
Жардам берем мен сага… Карайт кылгырып.
Ууртап-татып, мойнуна колум артылып,
Жөндөмүм да бар экен, кеттим тартылып.
Көз жашындай сүйүүнүн жылма, туптунук,
Азгырыкка койнумду жүрдүм жылытып.
Ал сойкудан колумду үзүп болбоду,
Келди эле «эже-сиңдиси, түрдүү достору».
Ар-намысты, абийирди аста жоюптур,
Жаштыгымды, күчүмдү аста соруптур.
Он жылдан соң арыган аттай токтодум,
Өмүрүмдү кор болгон ыйлап жоктодум.
Көз жаш экен, уусу экен чаар жыландын,
Чыга албадым, ал тургай кайра чырмалдым.
«Ичип кеткен…» деп уксаң далай ыйлапсың,
Жамандыкка сен мени даап кыйбапсың…
…Көрдү көздөй баратам, мага караба,
Кош эми, жаным! Көз жаштай тунук садага!
Жалбаруу
Жыл айлана алдыңа кайра келгенде,
Жаным мени урушпа, алба жемеге.
Көргүм келди көзүңдү,
Жүрөк эзилди,
Ансыз дале айланып турам делбеге.
Туңгуч сүйүүм арналган менин асылым,
Өз боюңду сен неге менден качырдың?
Түмөн кыздан түрүңдү,
Тааныйм үнүңдү,
Көздө бүткүл турпатың, баскан басыгың.
Жетким келет мен дагы максат, мүдөөмө,
Ыраа көрбөйм өзүңдү башка бирөөгө.
Жанындай көргөн адамга,
Тетир караба,
Ак сүйүүнүн алдында батпа күнөөгө.
Сен дайыма көзүмдө, жүрөк, оюмда,
Кудурет жок бир мүнөт унтуп коюуга.
Жан дүйнөм бүт кишенде,
Ишен – ишенбе,
Ал кишендин ачкычы сенин колуңда!..
Өтүнүч
Г. га
Амансыңбы, садагам? Көгүчкөнүм?
Эстен кетпейт элжиреп өбүшкөн түн.
Азабына тозоктун түшүп калып,
Эңсей берип өзүңдү, өлүп көрдүм…
Бейиш беле ошол түн… же эмине?
Чөгүп кеткем капкара карегиңе…
Эндиреген абалда жүрөм азыр,
Жете албастан мен сенин дарегиңе.
Жан жыргатып сүйкүмүң, назың менен,
Жан дүйнөмө жылдыздай жарык берген.
Жабыркаган жүрөктү сооротуучу,
Жылдар бою издеген дарым белең?
Жарты өмүргө жарашып толуктаган,
Мен сендейге эч качан жолукпагам.
Өзүңдү эстеп күндөрүм өтүп жатат,
Анан түндөр кусадан солуктаган.
Ал түн үчүн азаптуу, ырахаттуу,
Бир өмүрдү кылсам аз сага тартуу.
Көөдөн бошоп көңүл кош жашап калгам,
Жүрөгүмө жараттың жаңы арзуу.
Көгүлтүр от жалбырттап көңүлдөгү,
Өстүрөмүн аздектеп ал үрөндү.
Өзүм дагы бактылуу болгум келет,
Мен бактыга жеткирип ким бирөөнү…
Жан дүйнөмдүн тазарткан илдеттерин,
Көп нерсе үчүн мен сага милдеткермин.
Түз айтайын, түшүнүп кабыл алсаң,
Тагдырымды колуңа келет бергим!..
Сага арнасам калган бүт өмүрүмдү,
Бурасыңбы сен мага көңүлүңдү?
Бактылуумун ооруңду колдон алып,
Жерден алып жашасам жеңилиңди…
Кара көз келин
Г.га
Жылаңач дарак. Тажаал күз
Өмүрүн кыштын талашат.
Айылды жарган жол түпсүз,
Кара көз келин баратат…
Күн ачык, сыркаар, суук шамал,
Үрпөйөт куштар топтолуп.
Келишкен келбет кермарал,
Көгүш боз плащ. Ак жоолук…
Сес берип күзгө тоолордон,
Жаалданып түзгө жылат кыш.
Бошонбой санаа, ойлордон,
Көзүндө муң бар, көөнү суз…
Жок эле кылдай күнөөсү,
Жаркылдап турчу жамалы.
Үстүнө бир күн күйөөсү,
Апкелди башка аялды.
А мезгил болчу жаркын жаз,
Көңүлгө күңүрт күз түштү.
Карагат көздөн тамып жаш,
Кордолгон намыс үшкүрттү.
Гүл жыттуу жаздын кадырын,
Кунарсыз мерес күз билбес.
Ээлешти жылуу турагын,
Барк билбес күйөө, заар күндөш…
Жалганда баары туруксуз,
Мезгил да, өмүр, ой-санааң…
Ак карын сунуп келет кыш,
Дүйнөнү мүлдө тазарткан.
Канатын жайып мейкинде,
Каткырып ойнойт бурганак.
Тепселген көңүл тереңден,
Дүрт этип күйөт. Чыйралат…
Жаратып жаңы гүл турмуш,
Жадырап-жайнап жаз келет.
Бир күнү кирип коңшу кыз,
Бүктөлгөн сырдуу кат берет.
Жазылган сөздөр аз гана:
— Бүгүн кеч. Кызгылт күүгүмдө,
Жолуккум келет мен сага,
Гүлдөгөн алма түбүндө.
Жылдызым таппай төп келген,
Издедим, күттүм, сыздадым…
Жашоомо өзүң көрк берсең,
Колуңду келет сурагым.
…Бир кезде ал да тартты азап,
Терс пейил, ажаан, мерезден.
Ишенгин сени алпарат,
Бакытка изги жол менен!
Элегия
Окшошуп турат күзгү күн,
Сустая карап күлкүсүн,
Жашырып турган сулууга.
Үч бурчтук сымал элеси,
Каркыра-турна желеси,
Кыйкуулап көктө жылууда.
Мунарык баскан адыр-түз,
Муңайым, жымжырт көөнү суз.
Санаага баткан окшошуп.
Жапжашыл көрктүү кез менен,
Тунарган жаштуу көз менен,
Тургансыйт азыр коштошуп.
Арылбай жүрөм санаадан,
Бадалдуу бетти карасам,
Четиндер окшойт жалынга.
Жадырап жайнап жүрмөкмүн,
Жалындуу өмүр сүрмөкмүн,
Сен болсоң дайым жанымда.
Чачыма кыроо сүртүшүп,
Өмүргө барат күз түшүп,
Салкындап согот тамыр да.
Мезгилге бирок баш ийбей,
Өрттөнөт сүйүүм четиндей,
Эстесем сени азыр да…
* * *
Күндөр өтүп, кесирленген, таарынган
Бүгүн келип көздөрүңдү тиктедим.
Аяр сылап сенин саамай чачыңдан,
Кайра менин жалындады бүт деним.
Эриндериң таттуу жана жыпжылуу,
Угуп турдум жүрөктөрдүн какканын.
Турмуш болот таза жана бактылуу,
Ысык сүйүү ажыратпайт, ардагым.
* * *
Бул түндө коюу да караңгы,
Зыпылдап огунда келет жер –
Козгоп бүт көңүлдө жараны,
Шуулдайт: теректер, теректер…
Ой басат. Эңсөөдөн жабыркап,
Көңүлдө муңайым суздук бар.
Бүлбүлдөп бир алсыз нур чачат,
Алыскы: үмүттөр, үмүттөр…
Таптаза сезимди жаралап,
Кеттиңби унутуп сен мени?
Көөдөндү көп эзген махабат.
Көңүлдөн: өч эми, өч эми…
А бирок мезгилден калышка,
Чыдабай угулса дүбүрттөр –
Таянып чыйралган намыска,
Жылт этет: үмүттөр, үмүттөр…
* * *
Созбо досум, жаштык жыргал обонун,
Ал ырларды кайра баштан ырдаба.
Сыздап турат мезгил бизден озгонун,
Сезген жүрөк көнбөөчүдөй жыргалга.
Ой жарышып, кол тийе элек эскиге,
Сүрттү мезгил коюулантып боёгун.
Коошпой турат жеңил-желпи эпилдөө,
Өзгөртөлү биз да ырдын обонун.
Жүрөктүн тээ түпкүрүндө жашынып,
Жаңырыктайт күчтүү ырлар гимн – марш.
Алар сыртка чыксын үчүн атылып,
Да бир жолу керек окшойт ураалаш.
Таап туруп, биз мезгилдин кыябын,
Жараталы ага шайкеш жаңыны.
Бир өзгөрүү жасашаарын туямын,
Дымып турган жүрөктөрдүн жалыны.