Өлкөбүздөгү көптөгөн көйгөйлөр менен бирге эле жайыт проблемасы да ар бир адамды ойлондурса керек. Төрт түлүккө карк болгон элибиздин мурункудай эле жашоо-турмушу каржылык тукулжуроонун айынан мал чарбасына терең байланышканы улуу-кичүүлөргө түгөл маалым. Кыргыз баласынын, айрыкча тоолук жана элеттик боордошторубуздун илгертен ата-жотосунан бери күтүрөтүп жылкы айдап, чака-чака сүт берген бодо мал менен чүйгүн эти таңдайды тамшандырган төрт түлүксүз жашоосу кыйын.
Туш-тараптан каптап бараткан кымбатчылыктын айынан элеттиктер жылдан-жылга мал-кою менен жылкысын жана башка жаныбарларын көбөйтүүнүн үстүндө. Жайыт болсо, ченелүү, аны ичегидей узартып, жаңгак дарагындай жоонортуп, же чынарга окшотуп бийиктете, арча-карагайлардай чартактатып, көбөйтө албайсың. Жайытты төрт түлүктү жер которуштуруп багуу, эс алдыруу, бодо мал, жылкы, кой-эчкилерге азырак тебелетип, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн жоготпой, алардын уруктануусуна камылга көрүп, дарылоо иштери менен гана сактоо зарылдыгын мезгил тастыктап турат. “Суу сактаган – зор болоор, суу кордогон – кор болоор…”,- дегендей эле бүгүнкү жашоонун оордугуна шылтабай, жайыт коргоо, сактоо – келечекке кам көрүү менен барабар. Жайыт болсо – мал болот, мал болсо – жашоо, адам болот…
Расмий булактар тастыктап келаткандай, Кыргыз Республикасында 9,147 млн. гектар жайыт бар. Сезондуулугу боюнча жайыттар кышкы, күзгү-жазгы, жайкылар болуп бөлүнөт. Өлкөбүздөгү жайыттарды 2015-жылга чейин өнүктүрүү боюнча кабыл алынган программада белгиленгендей, жайыттар менен жайлоолор жылдан-жылга деградацияга учуроодо: ”Деградацияга кабыл болуу процесси жылдан-жылга күчөө менен олуттуу аймактарда калыбына келгис мүнөзгө айланган, ал жерлерде ушул процесстин кесепетин тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү аркылуу гана токтотууга болот. Акыркы 20 жылдын ичинде шарттуу таза болуп эсептелген жайыт аянттары 3544,8 миң гектардан 2741 миң гектарга чейин (же 23 процентке) азайган. Жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгү боюнча ар түрдүү булактардан («Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы) алынган маалыматтарга талдоо жүргүзүлгөндө 70-жылдардын башында жайкы жайыттардын түшүмдүүлүгү 8,6 ц/га кургак массасын түзсө, 90-чу жылдары гектарына — 5,7 центнерди түзгөн, 2004-жылы алынган акыркы маалыматтарга ылайык кышкы жайыттардын орто түшүмдүүлүгү 2,7 ц/га кургак массаны түзгөн. Тиешелүү түрдө республика боюнча орто түшүмдүүлүк гектарына 3,1 центнерге чейин азайган. Акыркы жарым кылымдын ичинде түшүмдүүлүк проценти 3 эсеге кыскарган. Жайыттарды чегинен ашыра пайдалануу алардын продуктуулугунун азайышына алып келип, натыйжада жыл сайын 11,5 млн. тонна табигый тоют коромжулукка учуроодо. Малдын саны көбөйүшү жана табигый тоют жерлердин начарлашы жайыттарды ашыкча оорчулукка дуушарланткан. Эгерде 2003-жылы айыл жанындагы жайыттарга болгон оорчулук 1 гектарга — 1,18 шарттуу кой-эчки башын жана 0,24 шарттуу ири мүйүздүү мал башын түзсө, анда 2010-жылы тиешелүү түрдө 1,43 жана 0,28 шарттуу мал башын түзгөн. Бул болсо экологиялык негизделген нормалардан 1,5-2 эсеге ашып кеткен. Айрым айыл жанындагы жайыттарга күч келүү (өзгөчө түштүк облустарда) нормадан 3-4 эсеге ашкан учурлар кездешет. Жайыт инфраструктура объектилеринин көпчүлүк бөлүгү ремонтко жана кармоого каражаттын жоктугунан катардан дээрлик чыккан. Мал айдап өтчү жолдор жана көпүрөлөр селден жана башка таасирлердин кесепетинен бузулгандыктан, жайыттардын кырк проценти, өзгөчө, алыскы жайкы жайыттар пайдаланылбай келүүдө. Жыйынтыгында жайыт тоютунун түшүмдүүлүгү жана запасы азайып, жайыт чөп курамында жегиликсиз, зыяндуу жана уулуу өсүмдүктөр көбөйүп, жайыттарды бадал басуу күчөп (өзгөчө тикенек бадалдар), жайыт жана суу эрозиясы күчөп (жайыттагы малдын издери, суу жеген чуңкурлар, аңдар ж.б.), жайыт чөп курамынан айрым өсүмдүк түрлөрү жоголо баштап, үстөмдүк кылуучу өсүмдүк жамаатынын алмашуусу байкалат”. Анткени менен малдын башынын көбөйүүсү жана жыл сайын уланып келе жаткан кургакчылыктын, айлана-чөйрөнүн булганышы менен күйүүчү май сыяктанган жагымсыз –уулуу жыттардын, тазалыктын сакталбагандыгынын айынан жайыттар тарып, таза абалуу жайлар чаң-тозоңго айланып, не деген түркүн чөптөрдүн, дарылык касиети бар жана дары-дармек жасоого жарактуу чөптөрдүн түрлөрү да төрт түлүктүн туягына кырчылып, алардан гүл алынбай, гүлдөбөгөн соң, өсүмдүктөрдүн да уругу да бышпай, жерге түшпөй, жазында кайра өнүп чыкпай, тукуму курут болууда. Айыл чарба министрлиги 2021-жылдын аягына карата жарыялаган маалыматтарга караганда Кыргыз Республикасында 1 миллион 750,4 миң баш ири мүйүздүү мал бар, анын ичинен уй — 868,8 миң, топоз — 57,2 миң баш. Ал эми жылкынын саны 5 миллион 478,2 миңге жеткен. Кой -эчкилер 6 миллион 278,1 миң баш. Аны менен катар 29,5 миң чочко багылат. Үй канаттуулары 5 миллион 924,7 миң.
— Жалал-Абад облусунда 1 млн 232 миң гектар жайыттын 576474 гектары, же бардык жайыттын 47 пайызы пайдаланылат, калганы аска-зоолор. Малдын саны 2022-жылдын аягына карата облус боюнча 361533 баш кара мал, 1 млн 364 миң 543 баш кой-эчки, 88091 жылкы бар,- дейт Барчынбек Жантөрөев – Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын экономика жана региондук комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн агарардык секторунун башкы адиси. – Жогоруда айтылган жайыт толугу менен иштетилип келүүдө. Бүткүл мамлекетибиздегидей эле малдын башы да ар жылга көбөйөт. 2020-жылы 3 пайызга, ал эми 2021- жылга караганда кара малдын саны бир жылда 10300 башка, жылкы 3900 башка, кой-эчки 20000 өскөн. Жайыттар тарып баратат. Төрт түлүк ээлери тарабынан малдын сапатына эмес, санына көбүрөөк басым жасалып жатат. Ар жылы белгилүү болуп келе жаткандай көп эт, арбын сүт, жүн берүүчү асыл тукум малды алып келип, багууга кызыккандар саналуу санда.
-Жайыттарды коргоо иши, жайлоо өсүмдүктөрүн өркүндөтүп-өстүрүү, дарылоо, малды которуштуруп багуу жумушу кандай абалда?
-Жайыт коргоо иши жайыт комитеттерине жүктөлгөн, алар мал башына жай бөлүп берет. Жайыт акысын ар бир айылдык жергиликтүү кеңеш бекитип берет. Мурунку норма сакталбай калды. Айыл чарба министрлиги жайыттарга өсүмдүктөрдүн уругун сээп, ошону менен жайыттарды сактап калуунун аракетин көрүүдө. Министрлик өзүндө иштеген асыл тукум жана жайыт департаменти аркылуу өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн ар бир райондор менен облустардагы, айыл өкмөттөрдөгү жайыт комитеттерине таркатып берет. Соңку жылдардан бери жайыттарга чегирткелер да зыян келтирүүдө. Белгилүү болгондой кара чегиртке (саранча) миңдеген уругун таштайт. Чегирткелер менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерин Жалал-Абад региондук өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо бөлүмү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдары менен бирге алдын-алуу иштерин жүргүзүүдө.
— Ал эми жайыт коргоо иши Жалал-Абад облусундагы эң ири айыл чарбалуу аймак деп эсептелген Ноокен районунда кандай?
Бул сурообузга райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын жетекчиси Аскат Асановдун берген жообу берегидей болду:
-Ноокен районунда 109924 гектар жайыт бар. Анын ичинен токой фондунун жайыты 57391 гектар, айыл өкмөттөрдөгү жайыттар 13043 гектар, мамлекеттик запастагы жайыттар 38314 гектар. Бул жайыттар райондун аймагындагы Сере, Музтөр, Үңкүр- конуш, Шаркыратма, Ат чабар, Кургак керей, Айдөш чынар, Бел чынар, Арпа төктү, Көлмөн, Намаздык, Сары -бел деп аталган жайлоолордо жайгашкан. Албетте, жайыттарды коргоо иши болуп жатат. Жайыт менен камсыздоо — 70 пайыз. Жайыттын жетишсиздигинен аларды эс алдыруу мүмкүнчүлүгү аз. Быйыл жайыттарды коргоо максатында райондун Достук айыл аймагына караштуу 160 кайрак аянтка кокон гилас эгилди. Аны 300 гектарга жеткире эгүү планы бар. Кунарсыз жана таштуу жайыттарды көп жылдык бакка жана кайрак айдоо иштерине өткөрүү боюнча мыйзам даярдалган. Ал Жогорку Кеңеште эки окуудан өткөрүлүп, кайра иштөөгө жиберилди. Айыл чарба министрлиги республика боюнча 500000 гектар кунарсыз жайытты көп жылдык бакка которууну максат кылууда. Туура, башка аймактардай эле Ноокен районунда да малдын саны жыл сайын бир пайыздан 2 пайызга чейин өсүүдө. Норма боюнча бир гектарга 3 уй багылуусу тийиш , же ар бир уйга 31 сотых, ар бир кой-эчкиге 10 сотых, жылкыга 31 сотых жер тиешелүү. 2021-жылдын жыйынтыгына боюнча Ноокендеги сегиз айыл өкмөттө жайыт комитеттери тарабынан 132 км жол сүрүлгөн. Үч көпүрө жана бир каптаж курулду. 2020-жылы Достук жайыт комитетинде долбоор менен купка курулган. Жайыт комитеттер бир жылда 10 миңдин тегерегинде ири мүйүздүү малды, 50 миң баш кой-эчкини жана миң баш жылкынын тегерегинде жайытка чыгарат. Корукка алынганы менен жайыт жетишсиз. Жайыт комитеттер ири мүйүздүү малдын ар бир башы үчүн 100 сом, кой-эчкиге 25 сом, жылкыга 100 сом жайыт акы алышат. Ноокен районунун айыл кыштак калкы төрт түлүгүн багып келген жайыттар эмнегедир Токтогул районунун жайыты деп аталып жүрөт. Ал жайыттарды Кара-Көл шаарынын тургундары да иштетип келүүдө,- дейт Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы Аскат Асанов.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.