Домой Усул каана ЖАКШЫ ДА, ЖАМАН ДА, БУЛ – ТИЛ! (Жомок)

ЖАКШЫ ДА, ЖАМАН ДА, БУЛ – ТИЛ! (Жомок)

10

Илгери-илгери бир падыша болуптур. Ал падышанын көптөгөн вазирлери бар экен. Падыша илгерки замандарда ал күчтүү мамлекеттин башкаруучусу болгон. Ал эми вазирдин сулуу жана акыл-эси теңдешсиз кызы болгон.
Бир күнү падыша вазирге:
-Мага дүйнөдөгү эң мыкты эт кебебин алып кел,- деди.
Вазир үйгө ойлонуп келип: «Кайсы уй эти эң жакшы эт?»,- деди ал башын катырып. Ал капалуу, ойго батып, отурганда кызы:
— Ата, эмнеге капаландыңыз, же биздин падышадан дагы жаман нерсени уктуңузбу?,- деп сурады.
-Кызым, падыша мага эң жакшы эттен кебеп алып келүүнү буйруду, кандай эт жакшы жана таттуу. Мен таң калып жатам, — деди вазир.
— Ата, мынчалык убара болбоңуз. Кой союп, тилинен кебеп жасаңыз. Эгер күнөө кетирсеңиз, мен ага кепилдик берем,- деди кызы.
Кызынын сөзү боюнча, вазир бир кой союп, тилинен кебеп даярдап алып, падышанын алдына алып келгенде, ал вазирге кайрылып:
— Эми мага эң начар эт кебебин алып кел — дейт.
Вазир дагы кызына келди:
— Кызым, биз падышабызга жакшы эт кебебин берип кайттык, эми кайсыл эт жаман?, — деп сурады. Кызы болсо:
— Башка кой союп, кебеп катары тилин бышырып алып барыңыз,- деди.
Вазир кызы айткандай кылып, кебепти падышанын алдына койду.
— Вазир, жасаган ишиңиз ордунда, бул сиздин билимдүү экениңизди көрсөтөт,- деди падыша.
— Падышам, сен мени кечирсең, мен сага чындыкты айтам,- деди да вазир, падышага бул акылды ага кызы үйрөткөндүгүн айтты. Ошондо падыша вазирдин кызын чакырып:
— Кызым, эмне үчүн тилди жакшы жана жаман деп эсептейсиң?,- деп сурады. Ошондо кыз:
— Падышам, узак жашаңыз, өлкөңүз гүлдөп өссүн! Адамга бардык жакшылык да, бардык жамандык дагы тилден келип чыгат. Элде бир сөз бар: «Тиш – тилдин чеби, тил – баштын тогу»,- деп жооп берди. Муну уккан падыша вазирдин кызына кооз бак берди.
Атасы чоң бакка ээ болуп, кызынын акылына, берген тарбиясына абдан ыраазы болду.
— А сиз балаңызга кандай тарбия берип жатасыз? Сиз үйдө эмне сүйлөгөнүңүз балдар үчүн абдан маанилүү. Андыктан, тилди абайлап, жакшы сөздөр менен сүйлөө абзел.
— Балаңызга күндө жомок айтып бересизби?
— Кандай жомокторду окугуңуз келет?
— Балаңызга берген тарбияңызга ыраазысызбы?
Англис тилинен которгон
Жайнагул АБДИРАСУЛОВА