Жакында Жалал-Абадда «2022-жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагынын облустук түрү өткөрүлдү. Кароо-сынак кызуу жана атаандаштыкта өтүп, чыган мугалимдер өздөрүнүн чыгармачылыктарын жана кесиптик артыкчлыктарын көрсөтө алышты. Жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
1-орун – Абилов Максат Каримжанович , Жалал-Абад шаарындагы №5 Б. Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын химия мугалими;
2-орун – Тойгонбай кызы Жазгул , Тогуз-Торо районунун №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин физика мугалими;
3-орун – Райымкулова Айчүрөк Мырзакаримовна, Сузак районунун №24 Г. А. Бакиева атындагы орто мектебинин биология мугалими;
3-орун – Анарбаева Жазгүл Жумагуловна , Токтогул районунун №6 Мүлкүбат атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими .
Төмөнкүлүлөр кароо-сынактын номинанттары болушту:
•Тухтаева Ёркинай Азимжановна, Ноокен районунун №6 “Арал” орто мектебининкыргыз тили жана адабияты мугалими
•Сартбаева Мээримгүл Исраиловна – Көк-Жаңгак шаарынын №2 А. С. Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими;
•Бекмуратова Жазгүл Тажибаевна, Чаткал районунун С. Дозонов атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
•Салибаева Айпери Кылычбековна, Базар-Коргон районунун №7 М. Мамбеткалиев атындагы мектеп-гимназиясынын англис тили мугалими;
•Намазбекова Зейнеп Кеңешовна – Майлуу-Суу шаарынын №2 орто мектебинин англис мугалими ;
•Смаилова Жамиля Жаныбаевна – Таш-Көмүр шаарынын№7 К. Күзембаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
•Алтынбекова Сырга Алтынбековна, Кара-Көл шаарынын №2 Ч. Түлөбердиев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими;
•Кочкинбекова Ойгул Акбаралиевна, Аксы районунун №10 Ж. Мамытбеков атындагы орто мектебинин тарых мугалими;
•Дүйшеналы кызы Буниса, Ала-Бука районунун №26 Жаңы-Шаар орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими.
Кароо-сынактын катышуучуларына Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук борборунун директору А.А.Токтосунов жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинын төрагасы А. А. Исмаилов тарабынан жакшы каалоо тилектер билдирилип, Ардак грамоталар, дипломдор, акчалай сыйлыктар ыйгарылды жана 1-орунга ээ болгон мугалимге Анталияга, 2-3 орундарга Ысык-Көлгө, номинантарга “Жалал-Абад” санаториясына жолдонмолордун сертификаттарын тапшырышты.
Эске салсак, областтык кароодо 1-орунга ээ болгон Абилов Максат Каримжанович жакында эле Жалал-Абад шаарынын мугалимдеринин сынагында 1-орунга ээ болгондугу үчүн автомашина менен сыйланган.
А. Айдаров,
Жалал-Абад облустук КБКнын инспектору.