Домой Жай турмуш Жалал-Абаддагы жаңылык

Жалал-Абаддагы жаңылык

42

Жалал-Абад шаарында галотерапия – туз менен дарылоо борбору ачылды. Ал жаңы ишкер Шабданбек Мураталиев тарабынан калктын саламатчылыгын бекемдөө максатында курулуп, ишке кирди. Ишкер Шабданбек Мураталиевдин ишендиргенине караганда облус борборунун Токтогул көчөсүнө жайгашкан бул борбордо:
— Дем алуу органдары чыңдалып, тери ооруларынын абалы жакшыртылат. Сөөк жана муун оорулары басаңдап, тумоонун алдын алат. Чарчоону басаңдатып, инсульттан соң, адамдын ден соолугун калыбына келтирет. Канды кычкылтек менен камсыздап, иммунитет жогорулайт. Аны менен бирге организм токсиндерден тазаланып, аллергия, богок, фарингит, гайморит, астма, аденоит, ангина, дерматит, бронхит өңдүү жана башка бир топ оорулардан айыкса болот.

Борборго азыркы күндө күн сайын 5-10дон адам келип, дарыланууда. Бир сеансы 40 мүнөт. Борбор эртең мененки саат 9дан кечки саат 10го чейин жыл бою, дем алышсыз жана майрам күндөрү да иштейт. Он күндүк курсу – 2 миң сомдон 3000 сомго чейин. Жакындан бери туз менен дарылоо борборуна келген 200дөн ашык адам ар кандай оорулардан сакайып чыкты. Күздөн тарта алыскы райондордун келип, дарылануучулар үчүн жатакана орундары даярдалып жатат. Ошентип алыска барбай, Жалал-Абад шаарында дарыланууга мүмкүнчүлүк ачылды. Каалоочулар үчүн биздин мобилдик телефонубуздун жаша вотсап номерибиз – 0778777707 . Ушул номерге чалып, Шабданбек Мураталиевден кошумча кеп-кеңештерди угуп, сурооңузга жооп алсаңыз болот,- деп билдирди, туз менен дарылоо борборунун ээси.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.

*Макала жарнамалык максатты көздөбөйт жана маалымат катары чыгарылды – Баян. кж сайты.