2005-жылдын 24-мартында болуп өткөн “жоогазын” төңкөрүшү да өлкөбүздүн тарыхында өчпөс болуп, жазылып калаар өзгөрүштөрдүн бири болуп калды. Ал күнү Кыргыз Республикасын он беш жыл башкарган тунгуч президент Аскар Акаев бийликтен кетип, анын ордуна 2010- жылдын апрель окуяларынан бери чет өлкөдө жүргөн Курманбек Бакиев келген.
Президент элге кайрылды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-мартта, Март элдик революция күнүнүн кезектеги жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.
“Кыргыз эли — эзелтен азаттыгы үчүн жан аябай күрөшүп келген баатыр эл, эркиндикти туу туткан, калыстыгы жок бийлик менен келише албаган кайраттуу калк.
Ошол улуу көчмөндөрдүн урпактары катары азыркы кыргыз коомчулугу дагы адам укуктарын басмырлоого жол бербеген, сөз эркиндигин жогору койгон, улуттук ар-намыс үчүн тайманбай күрөшкөн жаратман эл экенин дүйнө элине көрсөтө алды.
2005-жылдын 24-мартында коомубуз адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасады. Ал өз максатына канчалык жеткен-жетпегени башка кеп.
Мамлекет тагдырында бурулуш окуя катары бааланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондуктан, өлкөнүн булуң-бурчунда элдик толкундоолор күч алып, акыры анын үнүн укпаган, текебер мамиле менен элдин эркине каршы чечимдерди кабыл алган бийлик кулатылган.
Кечээ жакында эле белгиленген Аксы коогалаңы, андан берки ыңкылаптар — бири-бирине тыгыз байланыштуу окуялар. Алар Кыргызстандын соңку тарыхындагы кайсыл гана бийлик болбосун чоң сабак алуучу тарыхый фактылардан болуп калды.
Алдыбызда демократия жолунда өнүгүүгө умтулган элибиздин үмүтүн актап, тилектерин орундатуу милдети турат. Ал үчүн ар кандай келечектүү багыттарда өзгөрүүлөрдү жасап, реформаларды жүзөгө ашырабыз деген мүдөө-максаттарыбыз бар.
Элибиз башка түшкөн кыйынчылыктар менен сыноолорду ынтымак, биримдик аркылуу жеңип, бүгүнкү күнгө чейин эгемендигин сактап келе жатат. Ата-баба жолун аздектеп келген кыргыз калкы мындан ары дагы эркиндик, азаттык, акыйкаттык деминен эч качан жанбастыгына бекем ишенем.
Далай чоң сыноолорду башынан кечирген элибиз бүгүнкү күндө дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланышкан экономикадагы оор абалды дагы бекем ынтымакка, бузулгус биримдикке таянып жеңип чыгарын бөркүмдөй көрөм. Ал үчүн туруктуулукту сактап, экономикалык өсүү ыргагын камсыздоо үчүн күч үрөп жатабыз.
Кыргызстаныбызда тынчтык, кыргыз коомчулугунда урагыс ынтымак болсун!»- деп айтылат ал кайрылууда.
Март окуясынын себептери
Мындан он жети жыл мурун бийлик башчынын алмашуусуна 2005-жылы февраль айында болгон парламенттик шайлоонун калыссыздыгы, административдик ресурстун күчтүү болгондугу, эл каалаган эмес, бийлик кубаттаган адамдардын депутат болуусу жана Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн бийлик иштерине аралашып, уулу менен кызынын парламенттин депутаттыгына шайлануусу себеп болгон. Ага дейре, 2002-жылдын 17-мартында Аксыда болгон “кандуу жекшемби” да Аскар Акаевге каршы нааразылыктарды жараткан.
“Жоогазын” ыңкылабы адегенде 2005-жылдын 4-мартында Жалал-Абад облусунда башталганы элге белгилүү. Ал күнү ошондогу бийлик менен парламенттик шайлоонун адилетсиз, административдик ресурстар аркылуу өткөрүлгөндүгүнө макул болбогон адамдар андан кийин Жалал-Абад шаарынын убактылуу мери болгон Медер Үсөновдун жана анын колдоочуларынын ээрчитүүсү менен Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациянын ичине кирип барышкан. А. Акаевдин портреттерин талкалашып, сүрөттөрүн тытышып, майдалап жерге ыргытышкан. Ленин жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде турган анын баннерин тытып ыргытып, өрттөп ийишкен. Облустук бийликтин имаратын ээлегендер ал жерде он алты күн-түн чыкпай турушкан. Обладминистрациянын алдында болсо, Ош жана Жалал-Абад облустарынын ар кайсы райондору менен айыл кыштактарынан келишкен миңдеген адамдар боз үйлөрдү тигип алышып, аянттан жылбай, митингдерди улантышкан. Жаштар Жалал-Абаддын көчөлөрүндө А. Акаевдин отставкага кетүүсүн талап кылган тасмаларды көтөрүп алышып, жөө кыдырып жүрүшкөн. Митингчилер республиканын Жогорку Кеңешине кайра шайлоо өткөрүүнү, А. Акаевдин кызматтан кетүүсүн, үй-бүлөлүк башкарууну жоюуну, кыргыз жерлерин чет өлкөлөргө бербөөнү талап кылышып, бир нече жолу кайрылуу жиберишкен. Облбийликтин имаратында жаткан 150-300дөй демонстранттарды спецназдын күчү менен айдап чыгуу үчүн үч ирет, адегенде 6-мартта, кийин 13-марттын түнүндө, анан 19-мартта билдирүүлөр келген. Ал эми Улуттук Банктын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан белгисиз адамдар уурдаган 22,7 миллион сом кайтарылып алынып, Гамаль Сооронкуловдун айтымында кагаз кутуларга салынган бойдон облустук ички иштер башкармасына тапшырылган.
15-мартта облбийликтин аянтында жайнап жүргөн адамдардын алдына Топчубек Тургуналиев, Дооронбек Садырбаев, Роза Отунбаева, Курманбек Бакиев, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Курманбек Бакиев келип сүйлөшүп, обладминистрациянын ичинде жаткандардын акыбалынан кабар алышкан. Ошол эле күнү түштөн кийин элдик курултай болуп, анын чечими менен Жалал-Абад облусунун губернаторлугуна Жусупжан Жээнбеков шайланган.
Бирок, жогорку бийлик мындай талаптарга көңүл бурбай, А. Акаев митингчилердин алдына келген эмес. Ош облусундагы элдик толкундоолор 12-мартта башталган. Оштуктар жергиликтүү облустук мамлекеттик администрациянын алдында нааразылыктарын билдиришкен. Жалал-Абад жана Ош облустук мамлекеттик администрациялардын ичинде жана алдында турган нааразы адамдарды 20-март, таңкы саат беш –беш жарымдарда милициянын атайын топтордогу кызматкерлери уруп-согуп, кууп таркатышкан. Обладминистрациянын ичинде жаткандарды сүйрөп чыгарып, эки “КамАз” автоунааларына жүктөп алып, Сузак району менен Майлуу-Суу шаары тарапка алып кетишкен. Жалал-Абад облустук администрациянын аянтына тигилген боз үйлөр ырайымсыздык менен кулатылып, анда турган адамдар кууп таркатылып, колго түшкөндөрү Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу камоо жайына киргизилген. Таң маалдагы ал окуяларды “Азаттык” радиосунда 1995-жылдан бери иштеген ушул саптардын автору болгон журналисттен башка бир да гезит же, теле жана интернет кабарчылары 2002-жылдын 17-мартындагы ок атууларды өз убагында билдиришпегендей эле 2005-жылдын 20-мартында болгон таңкы окуяларды чагылдырышкан эмес. Видеого да тартылбаган. Саясатчылар да ошо маалда кууп-таркатылган, уруп-согулуп жаткан эл ичинде болгон эмес. Ок атылбаган, бирок, уруп-согуудан жараат алгандар болгон. Демонстранттар кармап алган жергиликтүү телеканалдын редактору менен операторун, Казакстандын элчилигинен келген кызматкер Оң талапты жана жөө жүрүш учурунда аялдар жакалап-жулмалаган журналистти да ушул макаланын автору бошоткон. Видеоаппараттарын кайтартып берген.
Төңкөрүштүн жыйынтыгы
Бирок, 20-март түштөн кийин Сузак районуна караштуу “Телтору” ат майданынын айланасына райондун тоолуу айыл-кыштактарынан эл топтолгон. Алар ошо кездеги республиканын Малайзияда элчи болуп жүргөн Бектур Асановдун жана анын “ЭрК” партиясынын Жалал-Абаддагы мүчөлөрүнүн баштоосу менен облбийликти көздөй ушул эле шаардын Б. Осмонов, Кыргыз Республикасы, Ленин көчөлөрү менен шаарга жөө жүрүш жасап келишкен. Жолдо келе жатканда облустук ички иштер башкармасы менен шаардык ички иштер бөлүмүнүн имараттарынын төбөсүндө жүрүшкөн куралдуу кызматкерлер асманды көздөй ок чыгарышкан. Бирок, ага карабай, демонстранттар облустук мамлекеттик администрациянын имаратын кайра ээлешкен. Абактагылар бошотулган. Бешим ченде облбийликтин, “Мөлмөл” мейманканасынын айлана-тегерегине уулуу газ коё берилген. Губернатор Ж. Жээнбеков баштаган обладминистрациянын кызматкерлери шаардык ички иштер бөлүмүнүн кеңсесинде иштеп турган. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн бир каанасы жана бир автобус өрттөлгөн.
21-марттан баштап, демонстранттар Бишкекти көздөй жөнөшүп, республиканын башка аймактарынан келишкен адамдар жана борбор шаарда жашаган кишилер топтолуп, 24-март күнү Ак үйдүн алдына келишкен. Мамлекеттин биринчи президенти А. Акаев 24-мартка оогон түнү Россия Федерациясына качып кеткен. Парламенттин Москвага анын артынан барган депутаттарына Кыргыз Республикасынын президенттигинен кеткендиги тууралуу арызын жазып берген. Натыйжада республиканын тарыхында биринчи жолу бийлик башчы алмашкан. 2005-жылы болгон “жоогазын” төңкөрүшүнө 24-мартта он жети жыл толду.
2010-жылы болсо, апрель окуялары болуп кетти да, ошондо бийликке келген А. Атамбаев майрам күн болуп калган 24-мартты жокко чыгарды.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ, “Акыйкат”.