2022-жылдын 27-ноябрында Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан №30670 аскер бөлүгүндө кызмат мөөнөтүн өтөө үчүн келген жаш жоокерлердин салтанаттуу аскердик ант берүү аземи өткөрүлдү. Ант берүү аземине Ала-Бука районунун жаш жеткинчектеринин патриоттуулук сезимдерин ойготуу, алардын Мекенге болгон сүйүүсүн даңазалоо максатында райондо жайгашкан Т. Балтагулов, А. Тураббаев, Н. Орозалиев, А. Акпаралиев, Ж. Бөкөнбаев, А. Навои, Д. Осмоналиев, Ы. Чаңгылов атындагы орто мектептеринин 10-11-класстарында окуган эркек балдары катышты. Окуучуларга аскер милдетин өтөө ар бир кыргыз жаранынын, уул балдарынын милдети экендиги түшүндүрүлдү. Маалыматты Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери А. Акпаралиев маалымдады.