Жалал-Абад областында «2022-жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагынын облустук турунда жеңүүчү болуп табылган Жалал-Абад шаарынын №5 Б. Осмонов атындагы мектеп гимназиясынын химия мугалими Абилов Максат Каримжановичке Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А. Исмаилов Анталияда (Түркияда) эс алуу үчүн жолдомо тапшырып, экскурсиялык эс алуусун байсалдуу болуусун каалады.
Эске салсак, бир аз убакыт мурда, ушул эле мугалим аталган сынактын Жалал-Абад шаардык турунда баш байгеге ээ болуп, автоунаа менен сыйланган болуучу.
Маалыматты Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А. Айдаров билдирди.
Домой Без рубрики “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын областтык турунун жеңүүчүсүнө Анталияга эс алуу үчүн жолдомо...