Домой Агартуу айдыңында “Зомбулуксуз жаркын келечек” семинары

“Зомбулуксуз жаркын келечек” семинары

31

Жакында Ала-Бука районундагы № 37 Үч-Терек жалпы орто билим берүүчү мектебинде социалдык педагогдордун райондук деңгээлдеги семинары болуп өттү. Бул семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Сатаров Кабылжан Абдусаминович жана жетектөөчү адиси Акпаралиев Бакытбек Узакматович, райондогу бардык мектептердин социалдык педагогдору, Өрүктү айыл аймагынын соц. адиси А. Абдырахманова катышты. Семинарды райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Сатаров Кабылжан Абдусаминович жана жетектөөчү адиси Акпаралиев Бакытбек Узакматович ачып берди.



Адегенде класстарга экскурция жүргүзүлүп, андан соң катышуучулар соц. педагог Ырысымбетова Назгүлдүн иш кагаздары менен таанышты.
Иш чаранын алкагында “Зомбулуксуз жаркын келечек” деген темада тегерек стол жана “Тарбия башаты үй-бүлөдөн башталат” деген темада ачык саат өткөрүлдү. 2-бөлүгүндө концерттик программа берилди.
“Тарбия үй-бүлөдөн башталат” деген ачык тарбиялык саатта мигранттардын балдары боюнча көрүнүштөн үзүндү аткарылып, сабак өтө көргөзмөлүү, жаркын маанайда өткөрүлдү. Мугалим Жаныбек кызы Жумасель жаш экенине карабастан өтө жакшы сабак өтүп, алкышка ээ болду.
Зомбулуксуз жаркын келечек темасындагы тегерек столдо К. Темиралиев агайдын жетектөөсүндө ата-энелер жана окуучулар менен Көчө балдары көрүнүшүн аткарышты. Суроо-жооптор менен өткөрүп жаткан мугалим Акбаралы кызы Айзадага ыраазычылык билдирилип, сабак эң жакшы деп бааланды.
Семинардын 2-бөлүгүндө 4-класстын окуучулары тарабынан саламдашуу, көркөм окуу, Манас айтуу, ыр жана бийлер аткарылды. Кеченин жүрүшүндө 2-класстын уул балдары жана 10-класстын окуучусу А. Норматова баштаган топ Манас айтып алкоолорго ээ болушту.
9-класстын окуучулары мектептин тарыхын ыр түрүндө айтышты. 3-класстын окуучусу Абдулдаева Нурдана мигрант баланын арманын көркөм айтууну мыкты артисттик чебердик менен аткарып, залда олтургандардын көпчүлүгүнүн көздөрүнө жаш толтуруп көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок.
Мектептин жасалгасы эстетикасы жагынан талаптагыдай көргөзмөлөрү менен келген конокторду өзүнө тарта алды.
Соц. педагогдордун райондук семинары кызыктуу өз деңгээлинде өттү. Семинардын аягында райондон келген коноктор семинарда мектеп жамаатынын эмгеги мактоого татырлык экендигин айтуу менен жыйынтыкталды.

Адина АМИРАКУЛОВА,
№ 37 Үч-Терек орто мектебинин директору,
Билим берүүнүн мыктысы.